Difference between revisions 104004 and 114474 on kywiki

Барскон шаркыратмасы<br><br>
Барскон шаркыратмасы Ысыккөл өрөөнүндөгү кооз шаркыратма.  Барскон суусунун алабында.  Барскон өрөөнүнүн батыш капталынан агып түшкөн Шаркырак суусунун ортоңку агымындагы  карбондук сланец  тигинен түзүлгөн тик кашкттан агып түшүп, диаметри 10-15 мге чейин фонтан сымал чачырайт.  Айланасында карагай токою , чытырман бадалдар, (четин, чычырканак, тал, итмурун, шилби, сары жыгач жана башкалар), жапалак арча өсөт.  Бийиктиги 24м.  Чоң шаркыратмадан 150м төмөн , бийиктиги 12 м келген кашатта экинчи шаркыратма пайда болгон.  Барскон шаркыратмасы туристтер эс алуучу жай.  Анда 1962-жылы дүйнөн®н тунгуч космонавты Ю.А. Гагарин болгон. <br>
[[Category:Кыргызстан]]
[[Category:Азия]]
[[Category:География]]

[[en:Barskoon waterfall]]
[[es:Cascada Barskoon]]