Difference between revisions 110408 and 118646 on kywiki

== Пайгамбар ==
Пайгамбар – фарс тилинде кабар алып келген, кабарчы деген сөз. <br /> 
Диндеги мааниси болсо –Алланын адамдарга туура жолду көрсөтүш үчүн жиберген, тандалган кишиси дегенди туюндурат. Тактап айтканда, пайгамбар – Алла менен анын кулдарынын ортосундагы Алланын сөзүн ташыган элчиси. Ал Алланын буйругу менен тыюуларын адамдарга билдирет. <br />
Пайгамбарлардын бир бөлүгүнө китеп түшүрүлгөн. Аларга, адатта, «Расул», – деп кайрылышат. Пайгамбарлардын көбү Наби. Алардын айрымдарына китеп түшүрүлгөн эмес. Алар өздөрүнөн мурдагы пайгамбарларга түшкөн китептерге табынат жана аларды жарыя кылат. Буларды көбүнчө «Наби», көптүк түрдө «Анбия», – дешет. Китеп өзүнө түшкөн Расул да «Наби» делиши мүмкүн. Бирок башка бир пайгамбарга түшүрүлгөн китеп¬ке сыйынып, аны үгүттөгөн, өзүнө китеп түшпөгөн Наби эч качан «Расул», – деп айтылбайт. Мындайча айтканда, а(contracted; show full)

== Пайгамбарлык кандайча аныкталат? ==
Пайгамбарлык – адаттан тышкаркы, укмуштуу, мужиза касиеттерге ээ болуу. Пайгамбармын деген киши анын туура экендигин көрсөтө турган мужиза жасай алышы керек. <br
 />
Ал мужиза пайгамбар болуп дайындалганын айткан кишинин бул сөзүнүн туура экендигин далилдеш үчүн, Алланын кудурети менен көрсөткөн адаттан сырткаркы окуя болуп саналат. Мужизаны пайгамбар каалайт, Алла жаратат.

== Пайгамбарларда болушу зарыл болгон сыпаттар ==

Пайгамбарларга таандык беш сыпат бар: Сыддык, Аманат, Таблиг, Фетанет, Исмат. 
#  ''Сыддык'' – чынчылдык деген сөз. Пайгамбарлар чынчыл, туура сүйлөп, туура жүргөн кишилер бо¬лот. Эч качан жалган сүйлөбөйт.
Дин тууралуу эмне айтса, баары Алладан жана акыйкат. «Болду» дегендери – болгон нерсе, «болот» дегендери сөзсүз болот.
Пайгамбарлар пайгамбар болгондон кийин эле эмес, ага чейин да такыр жалган сүйлөбөгөн, эч кимди алдабаган кишилер болгон.
#  ''Аманат'' – ишеничтүү деген сөз. Пайгамбарлар бардык жагынан ишенүүгө боло турган кишилер. Милдеттерин так аткарып, өздөрүнө берилген аманаттарды ишенимдүү сактайт. <br />
#  ''Таблиг'' – жайылтуучу деген сөз. Пайгамбарлар Алла тарабынан өздөрүнө вахий кылынган нерселердин баарын эч бирин калтырбай, болгонун болгондой адамдарга жайылтышкан. Чынында, бул – алардын пайгамбарлык милдети. 
#  ''Фетанет'' – акылдуу жана түшүнүктүү болуу демек. Пайгамбарлар – эң акылдуу, эң эстүү жана түшүнүктүү кишилер. 
#  ''Исмат'' – күнөөдөн аруу болуу демек. Пайгамбарлар өрнөк кишилер болгону үчүн, Алла аларды кылмыш кылуудан сактаган. Бул сыпат пайгамбарлардан башкаларда болбойт, пайгамбарлардан башкалар, ким болсо болсун, толук күнөөсүз болбойт. 

Пайгамбарларда болушу керек болгон беш сыпат, ошол эле учурда алардын бой көтөрүү, көрө албастык, эки жүздүүлүккө окшогон жаман адаттардан аруу болушун талап кылат. 
Пайгамбарларда болушу мүмкүн болгон сыпаттарга келсек, алар башка адамдарда да кездешет. 

(contracted; show full)[[arc:ܢܒܝܐ]]
[[az:Peyğəmbər]]
[[be:Прарок]]
[[bg:Пророк]]
[[br:Profed]]
[[ca:Profeta]]
[[ckb:پێغەمبەر]]

[[cs:Prorok]]
[[cv:Пӳлĕхçĕ]]
[[da:Profet]]
[[de:Prophetie]]
[[el:Προφήτης]]
[[en:Prophet]]
[[eo:Profeto]]
[[es:Profeta]]
[[et:Prohvet]]
[[fa:پیامبر]]
[[fi:Profeetta]]
[[fr:Prophète]]
[[gl:Profeta]]
[[he:נביא]]
[[hr:Prorok]]
[[hu:Próféta]]
[[ia:Propheta]]
[[id:Nabi]]
[[io:Profeto]]
[[it:Profeta]]
[[ja:預言者]]
[[ka:წინასწარმეტყველი]]
[[kk:Пайғамбар]]
[[ko:예언자]]
[[ku:Pêxember]]
[[la:Propheta]]
[[lbe:Идавс]]
[[ln:Proféte]]
[[lt:Pranašas]]
[[lv:Pravietis]]
[[mhr:Пиямбар]]
[[mk:Пророк]]
[[ml:പ്രവാചകൻ]]
[[nl:Profeet]]
[[nn:Profet]]
[[no:Profet]]
[[pl:Prorok]]
[[pt:Profeta]]
[[ro:Proroc]]
[[ru:Пророк]]
[[sh:Prorok]]
[[simple:Prophet]]
[[sk:Prorok]]
[[sl:Prerok]]
[[sq:Profeti]]
[[sr:Prorok]]
[[sv:Profet]]
[[sw:Nabii]]
[[ta:இறைவாக்கினர்]]
[[th:ผู้เผยพระวจนะ]]
[[tl:Propeta]]
[[tr:Peygamber]]
[[tt:Пәйгамбәр]]
[[uk:Пророк]]
[[ur:پیغمبر]]
[[uz:Paygʻambar]]
[[war:Manaragnâ]]
[[yi:נביא]]
[[zh:先知]]