Difference between revisions 114926 and 129567 on kywiki

{{Orphan|date=Октябрь (Тогуздун айы) 2012}}
АКТҮЗ – '''Актүз'''–[[Кемин]] районундагы шаарча, Актүз шаарча кеңешинин борбору. [[Кичи Кемин]] өрөөнүндөгү Актүз капчыгайынын төрүндө, [[деңиз]] деңг.ээлинен 2300 м бийиктикте жайгашкан. Шаарча ушул жердеги түстүү

 [[Металлдар|металл кендерин]] өздөштүрүүнүн натыйжасында 1938-жылы негизделген. Райондун борбору жана [[темир  жол]] бекети Кеминден 45км, облустун борбору [[Токмок]] шаарынын 80 км, Бишкектен(Бишкек <ref>{{URL|http://ky.wikipedia.org/wiki/%D0%91%D0%B8%D1%88%D0%BA%D0%B5%D0%BA_(%D1%88%D0%B0%D0%B0%D1%80|Бишкек}}</ref> 140 км чыгыш тарапта. Аянты 94 км2, калкы 0,9 миң (2002). Калктын көпчүлүгү (78 %) кыргыздар. Актүз мамлекеттик  акционердик коому, «[[Айнур]]» заводунун филиалы иштейт. Шаарчада [[орто мектеп, ]], [[бала бакча]], 2 [[китепкана, ]], [[оорукана]] бар.


==Колдонулган адабияттар: == 
Кыргыз улуттук энциклопедиясы

==Шилтемелер==
<references/>