Difference between revisions 130581 and 131563 on kywiki

{{Ислам}}
'''Исла́м''' ({{тил|ar|الإسلام}} {{IPA|[al-ɪsˈlæːm]}}) — [[монотеизм|монотеисттик]] [[дүйнөлүк дин]]. «Ислам» сөзү «Кудайга баш ийүү», «багынуу», ( [[Аллах|Аллахтын]] закондоруна) дегенди түшүндүрөт. <ref name="EoI-Islam">{{cite encyclopedia | title=Islam | encyclopedia=Encyclopaedia of Islam Online | author=L. Gardet | coauthors=J. Jomier}}</ref>. 

'''Ислам''' - арап сөзүнөн которгондо моюн сунуу, тагыраак айтканда Алла Тааланын амирине - "багынуу". Ошентсе да арап таануучуларынын көпчүлүгү жана арап дүйнөсүндөгү ислам аалымдарынын которуусунда: "Теңир эркинен берилүү; Алланын амирин кабыл алуудагы жеке ишеними жүрүм-турумдун Кудай тарабынын алдын ала чектелген чийими боюнча жасалган аракетке тете" делинет. , мусулманчылык — дүйнөдө кеңири тараган диндердин бири. Азыркы убакта дүйнөнүн жартысы ислам дининде башкача айтканда дүйнөдө жашаган адамдардын жарымы мусулмандар. Алар жакынкы [[Чыгыш|Чыгыштагы]], [[Түндүк Африка|Түндүк Африкадагы]] араб өлкөлөрүндө, [[Орто Чыгыш]] мамлекеттеринде, [[Малазия|Малазияда]] жана [[Индонезия|Индонезияда]] жашайт. 

Мусулмандар [[Кытай|Кытайда]] ([[Уйгурлар|уйгур]], [[дунгандар|дунган]], [[Өзбек|өзбек]], [[Казактар|казак]], [[Кыргыздар|кыргыздар]]) да бар, азыраак санда [[Түштүк-Чыгыш Европа|Түштүк-Чыгыш Европада]] жана [[Америка|Америкада]] да жолугат. Шериктештикке кирген өлкөлөрдө: Батыш [[Азия|Азияда]], [[Казакстан Республикасы|Казакстан]], [[Волга|Волга]] боюнда, [[Кавказ|Кавказда]] жашаган түрк элдери, [[Дагестан]] менен [[Түндүк Кавказ|Түндүк Кавказдагы]] айрым майда калктарда да ислам динин туткандар бар. 

Ислам биздин замандын 7-кылымында [[Хиджазда|Хиджазда]] Батыш Аравия пайда болгон. Аны Мухаммед пайгамбар негиздеген. Мусулмандар жамааты (умма) диний гана эмес, саясий да уюм болгон. Бул уюмга ислам дининин талаптарына сөзсүз орундагандар гана баш кошкон. Ислам христиан дини менен иудаизмден көп идеяларды жана жоболорду алган. 9–10-кылымда Ислам философиялык теологияга (калам) жана диний укукка (шарыятка) негизделген татаал диний ссистемага айланган. Анын башкы принциптери куранда айтылып, ал мусулмандардын окуусунун негизги булагы болуп калат. Мухаммеддин осуяттары менен кылган иштери жазылган – сунна да чоң (contracted; show full)[[xmf:ისლამი]]
[[yi:איסלאם]]
[[yo:Ìmàle]]
[[zea:Islam]]
[[zh:伊斯兰教]]
[[zh-classical:回教]]
[[zh-min-nan:I-su-lân-kàu]]
[[zh-yue:伊斯蘭教]]