Difference between revisions 153004 and 303286 on kywiki

'''Шор эли''' ([[Шор тили]] ''шор-кижи, тадар-кижи'') — [[түрк тилдүү эл]]. Шордуктар негизинен Орусиянын аймагында Батыш Сибирдин түштүк-чыгыш аймактарында, анын ичинде Кемерово облусунда, Таштагол районунда, Новокузнецк районунда, Междуреченск шаарында, жана айрым бөлүктөрү - Хакасия менен Алтай Жумуриятында байырлашат. Болжолдуу түрдө 14 миң шордук бар деп саналат.
Түндүк жана түштүк диалекттери бар. Тили жагынан алтайлыктарга, кыргыздарга, хакастарга жакын.


== Кыскача тарыхы ==

Шор этносу тээ VI-IX кылымдардан бери эле кет тилдүү уруулардын эне-сайлык кыргыздар жана башка түрк элдери менен жуурулуша баштаган учурунан бери калыптанып келет деген көз караш бар.

Айрым иликтөөчүлөр шор эли XVII кылымда гана калыптана баштаган деп санашат.

Орусиялык булактар шор эли тууралуу алгачкы жолу ошол XVII кылымдан тартып эскеришет.

1917-жылга чейин шордуктар балыкчылык, аңчылык, аң-теринин сатуу, анча-мынча кол өнөрчүлүк менен алектенишкен.
Алардын ата-бабалары эзелтеден темир кенин  иштетишкен, ошондуктан алардын жайын Темирчи Ала-Тоо (кийинчерээк орусча "Кузнецкий Ала-Тау") деп аташкан.


Түндүк шордуктарды келгин орустар "темир уста татарлар" - «кузнецкие татары» деп аташкан. 

1920-жж. ортосунан тартып шор адабий жазма тили калыптанган. Сабаттуулук өскөн. 


== Шордуктар 21-кылымда ==

Ушул тапта шордуктардын бир даары өхз маданиятын жана салтын унута башташты.

Ошого карабастан, шор салтын жандандыруу аракеттери да көрүлүп жатат.

Иш издеп шаарларга журт которгон шордуктар өз балдарын эне тилинде окута албай жаткан учурлар арбын.


'''Орусиядагы шордуктардын саны (жадыбал):'''
(contracted; show full)

[[Category:Орусия]]
[[Category:Түрк элдери]]
[[Category:Кыргыз таануу]]
[[Category:Түркология]]
[[Category:Этнография]]
[[Category:Дүйнө элдери]]