Difference between revisions 153690 and 341137 on kywiki'''Мыйзам чыгаруу бийлик''' – [[мамлекет|мамлекеттик]] [[Бийлик|бийликтин]] бир бутагы. Мамлекеттик [[Мыйзам чыгаруу иши|мыйзамдарды]] кабыл алуу Мыйзам чыгаруу бийликтин негизги иши. Азыркы кездеги Мыйзам чыгаруу бийлик [[Парламентаризм|парламентаризмдин]] өнүгүшү менен байланышкан. Алгач [[Парламент|парламенттердин]] бири – британдык, ал XIII кылымда пайда болуп, эки палатадан турган: общиналар палатасы – башында рыцарлар жана бюргерлер ал эми бүгүнкү күндө жалпы эл тарабынан шайланган депутаттардан турат; лорддор палатасы – пирлер жана жогорку чиркөө кызматчылары үчүн, ал эми бүгүнкү күндө ага мүчө болуу же тукуму [[Аристократия|аристократтар]], дин кызматы боюнча, же өлкөнүн алдында сиңирген эмгеги (Мыйзам Те-чер) боюнча жүргүзүлөт. Швед парламенти башында төрт [[палатадан]] турган: дворяндар, дин кызматкерлери, бюргерлер жана фермерлер үчүн Өзүнчө болгон. Парламенттин бийлигинин начарлашы (Францияда ушундай болгон)королдун бийлигинин күчөшүнө алып келген. Королдун бийлигинин күчөшү анын легитимдүүлүгүнүн жоготулушу менен коштолуп, акыры революцияга себеп болгон. Жалпылап айтканда, Европада Мыйзам чыгаруу бийликтин ролу дайыма кеңейип келген. АКШда Мыйзам чыгаруу бийлик аткаруучу бийликтен өзүнчө бөлүнгөн, кеңири полномочиелери бар, конституцияга ылайык биринчи бийлик катары эсептелсе да, Мадисондун кармап туруу жана тең салмактуулук системасына ылайык, бийликтин бөлүнүшүнүн балансын буза албайт. [[Президент]] аткаруучу бийликтин башчысы катары Конгресске баш ийбейт, ошол эле учурда конгрессти таркатып жиберүү укугу Президентте жок. ⏎ ⏎ Европанын көпчүлүк өлкөлөрүндө мурунтан келе жаткан салтка ылайык Мыйзам чыгаруу бийлик аткаруучу бийликтен даана бөлүнгөн эмес, ал эми конституциялык соттор өткөн кылымдын экинчи жарымында гана пайда болгон. Өкмөт башчысынын жана министрлердин парламентке мүчө болушу, Мыйзам чыгаруу бийликтин аткаруучу бийликтин үстүнөн көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн жогорулатат. Британ парламентинде «суроолордун сааты» бар, ал учурда өкмөттүн мүчөлөрү көлөкө кабинеттин мүчөлөрүнүн катышуусу астында оппозициянын [[суроолоруна]] (contracted; show full)ан мыйзамдардын сапатын көтөрүүгө көмөктөшөт. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 54-статьясына ылайык, Жогорку Кеңеш, Мыйзам чыгаруу бийлик ошондой эле көзөмөлдөө ишин жүргүзөт. 1994-жылы 22-октябрдагы жана 1996-жылы 10-февралындагы референдумдардын жыйынтыгына ылайык, Жогорку Кеңеш эки палатадан турат, мыйзам чыгаруу иши Мыйзам чыгаруучу жыйынга жүктөлгөн. == Колдонулган адабияттар == * Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Саясат таануу (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-11-9 [[Category:Саясат таануу⏎ ⏎ [[Категория:Мамлекеттик бийлик]] [[Категория:Саясат]] [[Категория:Мамлекет жана укук теориясы]] All content in the above text box is licensed under the Creative Commons Attribution-ShareAlike license Version 4 and was originally sourced from https://ky.wikipedia.org/w/index.php?diff=prev&oldid=341137.
![]() ![]() This site is not affiliated with or endorsed in any way by the Wikimedia Foundation or any of its affiliates. In fact, we fucking despise them.
|