Difference between revisions 156215 and 156725 on kywiki

[[Файл:Turgut Ozal.jpg|thumb|Тургут Озал]]

'''Тургу́т Оза́л''' (түр. Halil Turgut Özal, 13 октябрь 1927 — 17 апрель 1993, [[Анкара]]) — түркиялык мамлекеттик жана саясий ишмер. [[Түркия Республикасы|Түркиянын]] сегизинчи президенти. Ал 1983 жылдан баштап 1991 жылга чейин бийлик кармап турган учурунда, экономикалык реформаларга себептүү — Түркиянын [[Ички дүң продукт|ИДП]] жогорку деңгээлге көтөрдү, ал ИДП [[Осмон империясы|Осмон империясынын]] 1908 жылдагы ИДП барабар.

(contracted; show full)н мурун отставкага чыкты. [[СССР]] кулагандан кийин Озал Борбордук Азия өлкөлөрү менен жана [[Азербайжан]] менен байланыштарды ондогоно баштаган. Озал тышкы саясат концепцияны чыгарган, ал концепция боюнча Түркия регионалдык лидер болушу керек. Анын реформаларынын натыйжасында Түркия эң жогорку экономикалык ийгиликтерге жетти. Ал эркин базар экономиканын жактоочусу болчу.

==Өмүрдүн аягы==
1993 жылы 17 апрелде туура Азербайжанга болгон сапардан кийин Тургут Озал күтүүсүз миокарддын инфарктынан каза болду. 
ӨлгөнгөМаркумдун аза зыйнатына Түркиянын бардык областарынан абдан көп адам келди. Траурдык церемония түз эфирде трансляцияланган. Джордж Буш улуунун келиши күтүлгөн. Озал аны [[Стамбул|Стамбулга]] көмгөнү суранган, анткени ал жарык дүйнөнүн аягына чейин Мехмет Фатихтин руханий колдочулугун астында жүргүсү келген. Озалдын жана Мендерестин мүрзөлөрү бир бирине жакын жайгашкан. 1996 жылдын ноябрь айында түрк ММК бир видео жарыялашты, ал видеодо күрд сепаратисттердин лидери Озалды түрк атайын кызматтар уулаган деп айтты, анткени 1993 жылдын 15 апрелинде Озал курддөр менен конфликтти жөнгө салууну макулдашкан жана ошол жөнүндө расмий түрдө туура 17 апрелде жарыялаганы болчу. Президенттин жесири иштин кайра каралышын талап кылган, бирок анын кайрылуусунун түбү чыккан жок.

2012 жылы 2 октябрда Стамбулда Тургут Озалдын өлүгүн уу издегени максатында эксгумациялоо башталды. 

2012 жылы 2 ноябрда мындай маалымат жарыяланды: Тургут Озалдын ткандардын калдыктарын лабораториялык изилдөөсүнүн натыйжасында түрк медиктер сейрек учурай турган уулуу заттын калдыктарын табышты — ал стрихнин-кератин, жана мындай натыйжага келишти — Тургут Озал ууланган. Стрихнин боюнча маалымат расмий түрдө далилденген эмес. 2012 жылдын декабрдын ортосунда саясатчынын калдыктарында уулуу заттардын 4 түрлөрү тыбылды — америций, полоний жана ДДТ.

==Шилтемелер==
[http://ru.wikipedia.org/wiki/%D0%9E%D0%B7%D0%B0%D0%BB,_%D0%A2%D1%83%D1%80%D0%B3%D1%83%D1%82 Тургут Озал]