Difference between revisions 159484 and 221110 on kywiki

{{Философ
| Сүрөт = Avicenna TajikistanP17-20Somoni-1999 (cropped).png
| Сүрөттүн аталышы = 
| Толук аты-жөнү = Абу Али Хусейн ибн Абдаллах ибн Сина
| Англис тилинде = 
| Төрөлгөн_датасы = 16.8.980
| Төрөлгөн_жери = Афшана, [[Саманийлер мамлекети]]
| Көз жумган_датасы = 18.6.1037
(contracted; show full)

Авиценна дүйнөнү Кудайдын жаратканын танат жана дүйнө Кудай менен бирге түбөлүк жашап турат, дүйнөнүн пайда болушу көптөгөн конкреттүү формалардын Кудайдан эманацияланышы менен шартталган, ал түбөлүктүү Бир Кудайдан чагылышып тарап турган чөйрөнүн көрүнүшү деп эсептеген. Бул жерде ал ар түрдүү формадагы монотеисттик креационизмге каршы чыгат.

Авиценна Аристотелдей эле материя менен форманын өз ара катышын жактаган позицияда турган. Материя менен форма өз алдынча жашай алышпайт, алар өз ара ты
кгыс байланышкан.

Орто кылымдык схоластикадагы негизги проблемалардын бири болгон универсалий проблемасын чечүүдө Авиценна материя менен форманын аристотелдик өз ара катышын жетекчиликке алып, универсалийлер нерселерде да, адамдын акыл-эсимде да жашайт жана адамдын акыл-эси универсалийлерди нерселерден чыгарып алып турат, а түгүл аларды нерселерге чейин да жапа нерселерден кийин да чыгарын алып турат деп эсептейт.
Авиценна дүйнөнү таануу мүмкүнчүлүгүнөн шек санаган эмес, ал мында [[Логика|логикага]] зор маани берген жана аны ар кандай илимге киришүү негизи катарында караган.

Кудайдын ишмерлиги логиканын мыйзамы боюнча ишке ашат, демек бул ишмерлик интеллектуалдуу мүнөзгө ээ. Ошондой болсо да Кудай ал ишмердигинде кандайдыр бир максатты жетекчиликке алган эмес, бул болсо дүйнөнүн өнүшү (раталисттик мүнөзгө ээ эмес дегенди билдирет.

[[Психология]] маселесинде Авиценна Аристотелди жолдоп, өсүмдүктөрдүн жанын, жаныбарлардын жанын жана акыл-эстүү жанды айырмалайт. Адам жанын ал өзгөчө бөлүп карайт жана анын өлбөстүгүн танбайт. Бирок ал муну түздөн түз маанисинде эмес, философиялык маанисинде түшүнөт жапа метемпсихозду — жандын бир денеден экинчи бир денеге көчүп жүрүшүн танат.

== Маалымат булактары ==

[http://bizdin.kg/books/item/178-philosofy ''Блинников Л.В.'' Философтордун кыскача сөздүгү. - Б.: 1997, ISBN 5-900162-16-8]

[[Категория:Философия]]
[[Категория:Инсандар]]
[[Категория:Адамдар]]
[[Категория:Таажы-2012]]