Difference between revisions 168989 and 308290 on kywiki

'''Актүз'''[[Кемин]] району|Кемин районундагы]] шаарча, Актүз шаарча кеңешинин борбору. [[Кичи Кемин]] өрөөнүндөгү Актүз капчыгайынын төрүндө, [[деңиз]] деңгээлинен 2300 м бийиктикте жайгашкан. Шаарча ушул жердеги түстүү [[Металлдар|металл кендерин]] өздөштүрүүнүн натыйжасында 1938-жылы негизделген. Райондун борбору жана [[темир   жол]] бекети Кеминден 45км, облустун борбору [[Токмок]] шаарынын 80 км,(Бишкек <ref>{{URL|http://ky.wikipedia.org/wiki/%D0%91%D0%B8%D1%88%D0%BA%D0%B5%D0%BA_(%D1%88%D0%B0%D0%B0%D1%80|Бишкек}}</ref> ([[Бишкек]] 140 км чыгыш тарапта. Аянты 94 км2, калкы 0,9 миң (2002). Калктын көпчүлүгү (78 %) кыргыздар. Актүз мамлекеттик  акционердик коому, «[[Айнур]]» заводунун филиалы иштейт. Шаарчада [[орто мектеп]], [[бала бакча]], 2 [[китепкана]], [[оорукана]] бар.

{{no iwiki}}
== Колдонулган адабият ==
* [http://www.bizdin.kg/elib/kitepter/pdf/geogr_ensclp.pdf Кыргызстандын географиясы]. — Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. — 728 б. —ISBN 9967-14-006-2
[http://www.bizdin.kg/elib/kitepter/pdf/geogr_ensclp.pdf Кыргызстандын географиясы]   <br>


==Шилтемелер==
<references/>


[[Category: Кыргызстан]]
[[Category: География]]
[[Category: азия]]
[[CategoryКатегория:Кемин району]]
[[Категория:Шаарлар‎]]
[[Категория: Таажы-2012]]