Difference between revisions 184752 and 184753 on kywiki

{{Илимпоз
 |Ысымы                  = Таалайбек Абдиев
 |Расмий ысымы           = ''Таалайбек Абдиев''
 |Сүрөт                  = Taalay Abdiev.jpg
 |Сүрөттүн аталышы       = Таалай Абдиев, 2014-жыл 
 |Туулган жылы           = 16.09.1964
 |Туулган жери           = Көлдүк айылы, [[Өзгөн району]]
 |Өлгөн жылы             =
 |Өлгөн жери             = 
 |Жарандыгы              = Кыргыз Республикасы
 |Илимий чөйрөсү         = [[Филология|филология]]
 |Иштеген жери           = "Кыргызстан" басмасы, [[Кыргыз-Түрк_  "Манас"_  университети]]
 |Альма-матер            = [[Ош мамлекеттик педагогикалык университети]]
 |Илимий жетекчиси       = [[Храковский В.С.]]
 |Белгилүү болгондугу    = 
 |Белгилүү окуучулары    = 
 |Сыйлыктары           = 
 |Кол тамгасы          = 
 |Викитека             = 
}}

Абдиев Таалайбек 1964-жылы 16-сентябрда Ош областынын [[Өзгөн району|Өзгөн районуна]] караштуу [[Көлдүк айылы|Көлдүк айылында]] туулган. 1988-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун филология факультетин бүтүргөн. 1989-жылы Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын Тил институтуна стажёр-изилдөөчү болуп кирген. 1989-1991-жылдары Ленинград (Санкт-Петербург) шаарындагы СССР Илимдер Академиясынын Тил таануу институтунун Ленинград бөлүмүндө (азыркы Лингвистикалык изилдөөлөр институту) такшалууда болгон. 1991-жылы ушул эле институттун аспирантурасына өтүп, 1994-жылы бүтүргөн. 1996-жылы Санкт-Петербургда профессор В.С.Храковскийдин жетекчилиги менен "Кыргыз тилиндеги каузатив этиштүү конструкциялар" деген темада кандидаттык диссертациясын жактаган. 1996-97-жылдары "Кыргызстан" басмасында редактор, редактор-координатор болуп иштеген. 1998-жылдан баштап [[Кыргыз-Түрк «Манас» университети|Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде]] эмгектенет. Филология илимдеринин кандидаты, доцент. Азыркы учурда аталган университеттин Чет тилдер жогорку мектебинин директору.


==Монографиялары ==

# Абдиев Т. Конструкции с каузативными глаголами в киргизском языке. Бишкек, 2009.

== Сөздүктөрү ==
(contracted; show full)# Решат Нури Гүнтекин. Туюк махабат. 

[[Категория: Илимпоздор]]
[[Категория: Филологдор]]
[[Категория: Кыргыз тили]]
[[Категория: Кыргыз адабияты]]
[[Категория: Кыргыз-Түрк Манас университети]]
[[Категория: Котормочулар]]