Difference between revisions 185349 and 347996 on kywiki

[[Файл:Bundesarchiv B 145 Bild-P049552, Berlin, Skiübungen in der Halle, Skiaufstellen.jpg|thumb|right|300px|[[Берлин]] шаары]]
'''Физкультура''' (дене тарбия) — эмгекчилерди коммунисттик тарбиялоо, ден соолукту чыңдоо, эмгекке жана Мекенди коргоо үчүн даярдоо каражаттарынын бири. <br />
== Процедуралар жана балдар тууралуу ==
Физкультуранын негизин атайын тандалган көнүгүүлөр комплекси, спорт, туризм жана дене чыңдоочу процедуралар түзөт.<br />
(contracted; show full) адам өз ал-абалына көңүл буруусу керек. Көнүгүү белгилүү темпте жана күч менен аткарылып, машыгуудан кийин кан тамыр минутасына кеминде 130 жолу кагууга тийиш. Анын кагуусу андан аз болсо жакшы натыйжа бербейт. Ал 170тен ашып кетсе машыгууну улантууга болбойт. Дени соо, жаш адамдарга жумасына бир жолу ушундай машыгууга болот. Жалпы күч келтирүү адамдын ишке жарамдуулугуна терс таасир тийгизбөөсү жана чарчатпоосу керек. Тескерисинче, көнүгүп жүргөн адам өзүн сергек сезип, ишке ынтызар болуп турууга тийиш.



== Дарылоо максатта ==
Физкультура дарылоо максатында ооруканаларда, санаторийлерде, курорттордо да кеңири колдонулат. Өзгөчө таяныч кыймыл аппаратынын, жүрөктүн, кан тамыр, [[Дем алуу системасынын оорулары жана аларды алдын алуу|дем алуу системаларынын ооруларын]], зат алмашууну жакшыртат, хирургиялык операциядан кийин оорулуунун тезирээк айыгып кетишине жардам берет.
== Колдонулган адабият ==
Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8

[[Категория:Медицина]]
[[Категория:Ден соолук]]
[[Категория:Дарыгерлик]]
[[Категория:Спорт]]