Difference between revisions 192104 and 235754 on kywiki'''Покровка''' - [[Манас району|Манас районунун]] жана Покровка айыл үкмүтүнүн борбору, кыштак. Талас дарыясынын боюнда, Капка плотинасынан 5км түндүк тарапта жайгашкан. Жамбыл (Олуяата) темир жол бектинен (Казакстан) 30км. 1874-жылы негизделген. Калкы 6,9миң (1999). Түрт орто негизги, 2 башталгыч мектептер, 5 китепкана, “Шер” кооперативинин универсал дүкөнү, соода комплекси, 7 азык-түлүк жана кеңири керектелүүчү товарлар дүкөнү, 2 кафе, бейтапкана, дарыкана, 3 фельдшер-акушердик пункт, байланыш бөлүмү, наабайкана, кичи ишканалар, маданият үйү, автоколонна, автобекет, райондук борборлоштурулган оорукана, ремонттоо-техника ишканасы, агрожабдуу, райондук электр тармагы, райондук коммуналык чарба, 2 бала бакча бар. Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.<br /> Покровка айылынын негшизги планын 1983-жылы кыргыз мамлекеттик курулуш долборлоо институту иштеп чыккан. Покровка жайгашкан жердин тегиздиги аны башка айылдардан кескин айырмалап турат. Көчөлөрү түз, үйлөрү тегиз катар менен салынып, көчөлөрдү бойлото арыктар жүргүзүлгөн. Покровка айыл өкмөтүнө Баласаруу, Жайылган, Карарча, Сөгөт кыштактары да карайт.<br> [[Category:Кыргызстан]] [[Category:Азия]] [[Category:География#redirect [[Покровка, Манас району]] All content in the above text box is licensed under the Creative Commons Attribution-ShareAlike license Version 4 and was originally sourced from https://ky.wikipedia.org/w/index.php?diff=prev&oldid=235754.
![]() ![]() This site is not affiliated with or endorsed in any way by the Wikimedia Foundation or any of its affiliates. In fact, we fucking despise them.
|