Difference between revisions 194426 and 379868 on kywiki

{{Orphan|date=Октябрь (Тогуздун айы) 2012}}
'''"Ыңгайсыз суроолор" сыналгы берүүсү''' -  "[[Азаттык үналгысы]]нын" апталык сыналгы берүүсү.

== Кыска тарыхы ==

Анын алгачкы чыгарылышы 2005-жылы 4-майда ыңкылаптан кийинки [[Кыргызстан]]да Кыргыз улуттук телерадио корпорациясынын (УТРК, мурдагы КТР) каналы аркылуу обого чыккан. Анын туңгуч модератору (алып баруучусу) - "Азаттыктын" ошол кездеги кабарчысы Кыяс Молдокасымов болгон.

Кийинчерээк, Кыяс Молдокасымов КТРдын жетекчиси болуп калган соң, 2005-жылдын сентябрынын акырынан тартып берүүнү Кубат Оторбаев алып бара баштады.

Бир катар берүүлөрдү Бүбүкан Досалиева жана Төрөкул Дооров да алып барышты.

2008-жылдын 1-октябрынан тартып УТРК бул сыналгы берүүнү обого чыгарууну бир тараптуу токтотуп койду.

2009-жылдын 4-сентябрынан тартып бул апталык сыналгы берүү чакан көз каранды эмес сыналгы каналдары жана интернет аркылуу көрөрмандарга сунушталууда.

== Берүүгө катышкан коноктор ==

Бул берүүгө талкуу кылынган маселе боюнча эки башка тараптын өкүлдөрү чакырылат. Кээ бир алгачкы берүүлөр бир гана конокко талылуу суроолор берилчү ыкмада чыгарылган.

Берүүго катышкан коноктордун арасында кыргыздын таанымал саясатчылары, илимпоздору, адистери, депутаттары, укук коргоочулары, көркөм өнөр өкүлдөрү жана башкалар болду.

== Сыйлыктары ==

"Ыңгайсыз суроолор" сыналгы берүүсү 2005-жылдын декабр айында "Замандаш" ассоциациясы жана журналы тарабынан "Жылдын мыкты сыналгы долбоору" сыйлыгына татыган жана берүүнүн алгачкы алып баруучулары Кыяс Молдокасымов менен Кубат Оторбаевге бул сыйлык орток тапшырылган.

== Шилтеме: ==

http://www.azattyk.org/section/ky-Azattyk+TV/507.html {{Webarchive|url=https://web.archive.org/web/20100410013659/http://www.azattyk.org/section/ky-Azattyk+TV/507.html |date=2010-04-10 }}

[[Категория:Кыргызстан]]
[[Категория:"Азаттык" үналгысы]]
[[Категория:Кыргыз медиасы]]


{{stub}}