Difference between revisions 228999 and 229003 on kywiki

{{Музыкант  <!-- Толтуруу боюнча: http://ky.wikipedia.org/wiki/Калып:Музыкант -->
 |Ысымы               = Кэти Перри 
 |Нукура ысымы        = [[Файл:KATY'S signature.svg|80px]] Katy Perry
 |Сүрөт               = Katy Perry UNICEF 2012.jpg
 |Туурасы             = 250px
 |Сүрөттүн баяндамасы =  [[Файл:Katy Perry Logo.gif|150px]] кетир
 |Фон                 =
 |Төрөлгөндөгү ысымы  = Кэтрин Элизабет Хадсон 
 |Толук ысымы         = Кэтрин Элизабет Хадсон
 |Туулган датасы      = 25.10.1984
 |Туулган жери        = [[Санта-Барбара]], [[Калифорния]], [[АКШ]] 
 |Өлгөн датасы        = 
 |Өлгөн жери          = 
 |Активдүү жылдары    = [[2001]]- азыркы учурда
 |Өлкө                = {{Өлкө желеги|АКШ}} 
 |Кесиптери           = [[Ырчы]] 
 |Ырчылык үнү         = 
 |Аспаптары           =  [[гитара]], [[фортепиано]]
 |Жанрлары            = [[Поп-музыка|поп]], [[поп-рок]], [[электропоп]], [[Рок-музыка|рок]], [[госпел]]
 |Лакап аттары        = 
 |Жамааты             = 
 |Кызматташтык        = 
 |Лейблдар            = 
 |Сыйлыктары          = 
 |Альма-матер         =
 |Уикиказына          = Category:Katy Perry
 |Сайт                = {{URL|katyperry.com}}
}}
{{Карточка
 |белги1 = Кол жазма
 |текст1 = [[Файл:KATY'S signature.svg|80px]]
}}
'''Кэтрин Элизабет Хадсон''' ({{lang-en|Katheryn Elizabeth Hudson}} 1984 жылы 25 октябрда  [[АКШ|АКШнын]]  Санта-Барбара шаарында жарык дүйнөгө келген ) Гомосексуализм тууралуу ырларында ачык ырдаган, өзүнүн бирде сексуалдуу, бирде жомоктогудай образдары менен таң калтырган Кэти ,  композитор, өз ырларынын автору, актриса, жадакалса БУУнун ыктыярдуу элчиси катары да таанымал.

==Биография==
Кэти Перри христиан динин бекем тутунган үй-бүлөдө өсүп чоңойгон. Ал 3 бир туугандын ортончусу, улуу байкеси жана сиңдиси бар. Ырчы балалыгы тууралуу берген маектеринде мындай дейт “апам Калифорнияда туулуп-өскөн. Өспүрүм кезинде жыргал жашоонун артынан кууп, үйүнөн чыгып кеткен. Жер кыдырып жүрүп, Зимбабведе турмушка чыгат. Атам ал кезде хиппи (ред. 1960-70-жылдары АКШдагы сүйүү жана эркиндикти туу туткан жаштардын тобу) болуп жүргөн экен. Баңгиликке берилип, баңгизат сатуучу да болгон. Кудай жалгап, бул жакшылыкка алып барбасын түшүнүп, ал динге жана үй-бүлөсүнө жакындап баштаган”. 
Ошондон тартып ырчынын атасы чиркөөдө кызмат кылып, кызы Кэтини чиркөөнүн таасири менен тарбиялаганы маалым. Бирок бой жеткенде ырчы апасынын жолун жолдоп, Лос-Анжелеске качып кетет. Анын кыялы 25 жашында атактуу ырчы болуу эле, бирок ырчы атактуулукту 23 жашында эле багынткан. Кэтинин атактуулукту багындыруу сапары аябай татаал болуп, бир учурда ичкиликке да берилип кеткенин өзү жашырбайт. Анын жашоосундагы кыйынчылыктарды ачык айтышынан улам күйөрмандары тарабынан ого бетер сыйга ээ болгон. Атактуулукту багындырып, ырчы айым кызыктай кылык-жоруктарды жасап баштаганда, анын атасы “Кэти – шайтандан туулган кыз” деп балээге калган. Мунун акыры ата менен кыздын чоң чырдашуусуна алып келген. Бирок бул окуя бири-биринен кечирим суроо менен аяктаган.
==Чыгармачылыгы==
==Жеке жашоосу==
Келбети дүйнөнүн бардык мырзаларын тамшандырган ажарлуу Кэти Перринин жашоосундагы сүйүү романдары чыгармачыл чөйрөдөгү адамдар менен гана болуп келет. Ал алгачкы чоң махабаты катары “Gym Class Heroes” тобунун вокалисти Трэви Маккойду айтат. Чыгармачыл инсандар сүйүү кайыгында бири-бирин колдоп, жадакалса ырчы айым Трэвинин клиптерине да тартылып жүргөн. Бирок 2008-жылы сүйүшкөндөр бири-биринен кол үзүшкөн. 
“Көздүү мончок жерде калбайт” демекчи, көп өтпөй Кэти 2009-жылы британиялык куудул Рассел Брэнд менен сүйлөшүп, экөөнүн үйлөнүүгө убадалашкан аземи ошол жылдын жаңы жыл түнү Индияда өткөн. Бирок бул ирет да эки жаштын сүйүүсү түбөлүктүү болбой, 2012-жылы ажырашып кетишкен. Кэти кийинки арзуусун дагы эле ырчы Жон Мэйерден табат. Экөөнүн махабаты көп жолку урушуу жана элдешүү менен коштолуп, акыры эки башка жолго түшүү менен аяктады.
Эми Кэти жаш актёр Роберт Паттинсонго ашык болуп жүргөндөй. Себеби акыркы учурда эки жаш чогуу жүрүп, папараццичилердин көзүнө көп учуроодо. Бул ашыктыктын оту канчага чейин тутанат болду экен, аны убакыт көрсөтөт.
==Шилтемелер==[[Категория:Кэти Перри]]