Difference between revisions 230165 and 233869 on kywiki

{{Mergeto|Аристотель Стагрит}}
[[File:Aristoteles Louvre.jpg|300 px|right]]
'''Аристотель''' ([[Грек тили|грекче]]: Ἀριστοτέλης ''Aristotélēs'') (б.з.ч. 384 — б.з.ч. 322 жылдар) — [[гректер|грек]] философу, [[Платон|Платондун]] окуучусу, [[Улуу Александр|Улуу Искендердин]] устаты. Ал ар түрдүү чөйрөсүндө илимий иштерди жазган, ошонун ичинде [[физика]], [[метафизика]], [[Поэтика (Аристотель)|акындык өнөр]], [[театр]], [[музыка]], [[логика]], [[чечендик өнөрү]], [[саясат]], [[өкмөт]], [[этика]], [[биология]] жана [[зоология]].<br/>

[[Сократ]] жана Платон менен бирге Аристотель батыш философиясынын эң маңызды, анын негизин калоочу тұлғалары катары караштырылат. Ахлақ, эстетика, логика, илим, саясат жана метафизика сыякту маселелерди камтыган эң алгачкы жан-жакты философиялык тутумду қурғган — Аристотель. Аристотельдин физикалык көзкараштары ортао кылымдык илимнин калыпташуусуна чоң таасир этип, анын ықпкмалы Агартуу дооруна чейин созулду. Биррок кийин ал азыркы заманкы [[физика|физикага]] орун берүүгө мажбур болду.<br />
'''Аристотель''' боюнча ар бир конкреттүү сезимдик нерсе «материя» менен «форманын» биримдигинен турат. Аристотель «форманы» нерсенин маңызы деп түшүнөт. Форма ошол эле учурда материалдуу эмес, бирок ал материяга карата алганда кандайдыр бир сыртта турган бир деме да эмес. «Нерселердин курамы» материя менен формадан турат. Ар бир нерсе толук калыптанып бүткөн материя катарында көрүнөт. Мисал ка(contracted; show full)== Колдонулган адабияттар ==
* Л. В. Блинников.[http://www.bizdin.kg/elib/kitepter/pdf/philosophy_blinnikov.pdf Философтордун кыскача сөздүгү. - Б.: 1997, ISBN  5-900162-16-8]
*[[Философия: энциклопедиялык окуу куралы]]/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8

[[Категория:Философия]]
[[Категория:Инсандар]]
[[Категория:Тарых]]
[[Категория:Байыркы грек философиясы]]