Difference between revisions 308286 and 380132 on kywiki

'''Ак-Булак''' – [[Түп району|Түп районунундагы]] шаарча. [[Ысык-Көл]] ойдуңунун түндүк чыгышында, Күнгөй Ала-Тоонун этегинде, Каракол шаарынан 42 км, райондун борбору [[Түп]] кыштагынан 15 км түндүк-батышта, [[Балыкчы шаары|Балыкчы]] бекетинен 178 км аралыкта жайгашкан. 1961-ж. негизделген. Аянты 25 га. Калкы 1,1 миң (2009). Күрмөнтү цемент жана кыш заводдору бар. Ал жылына [[Республика|республикада]] өндүргөн клинкердин 8,5%ин (83 миң т), цементин 8,0%ин (97,1 миң т) иштеп чыгарат. Орто мектеп, бала бакча, клуб, китепкана, оорукана бар.

== Колдонулган адабият ==
* [http://www.bizdin.kg/elib/kitepter/pdf/geogr_ensclp.pdf Кыргызстандын географиясы] {{Webarchive|url=https://web.archive.org/web/20140714154348/http://bizdin.kg/elib/kitepter/pdf/geogr_ensclp.pdf |date=2014-07-14 }}. — Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. — 728 б. —ISBN 9967-14-006-2
{{no iwiki}}

[[Категория:Кыргызстан шаарлары‎]]
[[Категория:Түп району]]
[[Категория:Таажы-2012]]