Difference between revisions 311741 and 379183 on kywiki

'''Чыйырчык ашуусу''' - Түштук [[Кыргызстан|Кыргызстандагы]] [[Алай кырка тоосу|Алай кырка тоосунун]] түндук капталында. Гүлчө менен Талдык сууларын бөлүп турган Кумбел тоолорунун жапыз бөлүгүндөгү бел. Оштон 65 км аралыктагы Бешконуш өрөөнү аркылуу чыгышты карай жүргөндө башталат. Бийиктиги 2402 м. Капталдары бир кыйла тик болгондугуна карабастан, ийри-буйру кеткен каптал жол (серпантин ) ага чейин бийик эместей сездирет. Ашуу аркылуу Ош — Хорог автомобиль жолу өтөт.

== Колдонулган адабияттар ==
* [http://www.bizdin.kg/elib/kitepter/pdf/geogr_ensclp.pdf Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргызстандын географиясы.] {{Webarchive|url=https://web.archive.org/web/20140714154348/http://bizdin.kg/elib/kitepter/pdf/geogr_ensclp.pdf |date=2014-07-14 }} ISBN 9967-14-006-2
* «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4

[[Категория:Кыргызстандын географиясы‎]]
[[Категория:Ашуулар‎]]
[[Категория:Тумар-2011]]