Difference between revisions 89342 and 89343 on kywiki

[[Файл:Jung 1910-crop.jpg|2500 px|thumb|left|Карл Густав Юнг]]
ЮНГ Карл Густав (1875–1961) – швейцариялык психолог, «аналитикалык психологияны» түзүүчү. Ю-дун оюна ылайык, инсан (личность) тиешелүү акыл-ойсуздук м-н катар «коллективдүү аң-сезимсиздиктин» алда канча терең катмарлары бар. Ал жерде болсо эң алгачкы психикалык структуралар (архетиптер) түрүндө дүйнөнү априордуу кабыл алууну ж-а аңдап түшүнүүнү камсыз кылып турган адамзаттын байыркы тажрыйбасы сакталат. Адамдын психикалык турмушунун негизги мазмуну деп, Ю. «индивидуация» процессин, же болбосо личносттун өз мүмкүнчүлүктөрүн толук ишке ашырууга умтулуусун эсептеген. «Аналитикалык психологиянын» милдети деп, Ю. пациенттерде пайда болуучу архетиптик образдардын врач тарабынан түшүндүрүлүшүн эсептеген. Анын оюнча, бардык улуу идеялар архетиптик пайдубалга негизделген. Башкы чыгармалары: «Либидонун метаморфозалары жана символдору», «Психологиялык типтер», «Кубулуунун символдору» ж. б.