Difference between revisions 89810 and 92093 on kywiki

Бул сөздүн бир нече мааниси бар.

''Төмөнкүлөрдү караңыз:''

# [[Муун (филология)]]
# [[Муун (философия)'''Муун''' – бир жолку дем чыгаруудан пайда болгон сөздөгү тыбыш же тыбыштардын бирикмеси. Ыр түзү-лүшүндө (дүйнөлүк практикада) муундар узун жана кыска, басымсыз жана басымдуу болот. Кыргыз ырларына төрт муундан тартып он алты муунга чейинки саптар мүнөздүү.<br />
Мисалы: 

Көчө бойлоп, (4) 

Кээде ойноп, (4) 

Кыт-кыт күлүп, (4) 

Катар жүрүп, (4) 

Келе жатты үч бала (7) 

(А. Токтомушев) 

Арманы болор мергендин, (8) 

Алганы болор бергендин. (8) 

Күнөөсү болор күлгөндүн, (8) 

Күйүтү болор өлгөндүн. (8) 

(Эл ыры) 

Менин доорум – ойлор күндү чапчыган, (11)

Менин – доорум көз ирмебес чакчыгай. (11)

Ааламдарга ракеталар жөнөтүп, (11) 

Бүт дүйнөнү тиктеп турат сакчыдай. (11) 

(Ж. Мамытов) 

Таң атканда ойгонгон күн чыкканга калат тек, (14) 

Күн чыкканга калгандан канча болсо наалат көп. (14) 

(С. Шатманов) 

Жалбыракты өрттөй жаздап күндүн күчтүү нурлары (15) 

Быйыл дагы тумчуктурган аптаптуу жай башталды. (15)

==Колдонулган адабияттар==
* Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004

[[Category:Адабият таануу]]
[[Category:Кыргыз адабияты]]