Difference between revisions 90846 and 91743 on kywiki

[[File:Aristoteles Louvre.jpg|300 px|right]]
'''Аристотель''' ([[Грек тили|грекче]]: Ἀριστοτέλης ''Aristotélēs'') (б.з.ч. 384 — б.з.ч. 322 жылдар) — [[гректер|грек]] философу, [[Платон|Платондун]] окуучусу, [[Улуу Александр|Улуу Искендердин]] устаты. Ал ар түрдүү чөйрөсүндө илимий иштерди жазган, ошонун ичинде [[физика]], [[метафизика]], [[Поэтика (Аристотель)|акындык өнөр]], [[театр]], [[музыка]], [[логика]], [[чечендик өнөрү]], [[саясат]], [[өкмөт]], [[этика]], [[биология]] жана [[зоология]].

[[Сократ]] жана Платон менен бирге Аристотель батыш философиясынын эң маңызды, анын негизин калоочу тұлғалары катары караштырылат. Ахлақ, эстетика, логика, илим, саясат жана метафизика сыякту маселелерди камтыган эң алгачкы жан-жакты философиялык тутумду қурған — Аристотель. Аристотельдин физикалык көзкараштары ортакылымдык илимнин калыпташуусуна чоң таасир этип, анын ықпалы Агарту дооруна чейин созулду. Биррк кийин ал азыркы заманкы [[физика|физикага]] орун берүүгө мажбур болду.

'''Аристотель''' боюнча ар бир конкреттүү сезимдик нерсе «материя» менен «форманын» биримдигинен турат. Аристотель «форманы» нерсенин маңызы деп түшүнөт. Форма ошол эле учурда материалдуу эмес, бирок ал материяга карата алганда кандайдыр бир сыртта турган бир деме да эмес. «Нерселердин курамы» материя менен формадан турат. Ар бир нерсе толук калыптанып бүткөн материя катарында көрүнөт. Мисал катарында жез шарды алса болот, бул шар түрүндөгү (форма) жез (нерсе) экөө биригип бир бүтүн материяны түздү. «Форма» менен «материянын» карама-каршылыгы Аристотель үчүн салыштырмалуу. Жез бир предметке (мисалы, шарга) карата алганда материяны түзөт, башка бир предметке (мисалы, физикалык элементтерге) карата алганда форманы түзөт. Жез калыптанган бир бүтүн буюм болбошу мүмкүн, бирок ал ошол эле учурда потенциалында мүмкүндүк катарында форманы камтып турат. Б.а. форма-материяда камтылып турган мүмкүндүктүн ишке ашкандыгы. Мына ошентип, Аристотелде материядан формага жана формадан материяга салыштырмалуу өтмөлүк пайда болот. Форманын бул иерархиясы эң жогорку «формага» алып келет, бул эң акыркы форма жана андан ары форма да, материя да болбойт. Эң акыркы форма — бул түпкү кыймылдаткыч, же Кудай. Мына ошентип, Аристотелде материя менен форма бир бүтүндүктү түзөт, кубулуштардын өз ара байланыштарын, өнүгүшүн болсо ал материянын калыптанышы катары түшүнөт.

Аристотель себептердин төрт түрү жөнүндөгү оригиналдуу окууну иштеп чыккан. Ал себептердин төрт түрүн айырмалайт: 1) материалдык себеп же материя; 2) формалдуу себеп же форма; 3) жаратуучу себеп; 4) түпкү же максаттык себеп. Материалдык себеп — бул материя, ал «нерселердин курамына кирген материалды билдирет, бул материалдан нерселер жаралат» [Аристотель. Метафизика. V, 2, 1013а24—1013в21]. Формалдуу себеп дегенибиз форманын таасири аркылуу материя чындыкка айланат. Жаратуучу себеп — нерселерди жарата тургандар. «Алсак, мисалы, кеңеш берген адам ошол кеңештен кийин иштелип жаткан иштин себепчиси, ал эми өзгөртө турган нерсе өзгөрүп жаткан нерсенин себепчиси болуп саналат» [Ошонун өзүндө]. Максаттык себепти Аристотель кандайдыр бир максат үчүн кандайдыр бир нерсе иштелип жатат деген мааниде түшүнөт. «Мисалы, сейилдөөнүн максаты-ден соолук». Аристотелдин себептер теориясы ал өзү келтирген мисалдар менен түшүндүрүлүшү мүмкүн: архитектор үй куруп жатат, бул учурда материалдар — материя, үйдүн планы — форма, архитектор — жаратуучу себеп, ал эми курулуп бүткөн үй — түпкү максат болуп саналат.

Материя менен форманын өз ара катыш маселесинде материяны пассивдүү жана формасыз, ал эми форманы — активдүү, аракетчил деп эсептейт. Форма ошентип бытьенин маңызына айланды. Анын үстүнө форма активдүү, ал эми материя пассивдүү болгондуктан форма материядан мурда жүрө турган негиз катарында каралган.

Форма менен материянын өз ара катыш проблемасы философияга мүмкүндүк жана чындык деген эки өтө маанилүү түшүнүктү киргизди, бул түшүнүктөр философиянын андан аркы өнүгүшү үчүн зор мааниге ээ болду, анткени аларды колдонуу жаралуу проблемасын чечүүгө мүмкүндүк берди, бул учурда жаралуу (пайда болуу) нерселердин конкреттүү өзгөчөлүктөрү менен түшүндүрүлөт. Бул категориялар кыймылдын булагы нерселерден тышкары эмес, дал ошол нерселердин өзүндө камтылып турат деп каралууга тийиш экендигин көрсөттү. Жаратылыш Аристотель үчүн мүмкүндүктүн чындыкка айланышы катарында көрүндү. Жаратылыштын жашоосун ал адамдын ишмерлиги менен окшоштурат, скульптор чулу мрамордон фигура жасап, мрамордогу мүмкүндүктү чындыкка айландыргандай, жаратылышта да уруктагы мүмкүндүк өсүмдүктөрдө чындыкка айланарын көрсөтөт.
Аристотель материяны «биринчи» жана «акыркы» деп ажырымдатат. «Биринчи» материя ар кандай бытьенин негизи, ал ар кандай чындыкка айлана ала турган мүмкүндүк гана, бирок ал өзү чындык болуп саналбайт, ал ойдо гана жашайт жана бар болуунун потенциалдуу өбөлгөсүн түзүп турат. «Биринчи» материядан айырмаланып, «акыркы» материя кайсы бир форманын мүмкүндүгү жана ошол эле убакта чындык да болуп саналат, анткени бул материя белгилүү бир белгилерге ээ жана ал жөнүндө белгилүү бир түшүнүк жаралып, айтылышы мүмкүн. Мурда каралып өткөн мисалда мындай «акыркы» материя болуп жез жана шар эсептелинет.

Материя, форма жана себептер жөнүндөгү жогоруда каралган маселелер кыймылсыз жана өзгөрүлбөс негиздер жөнүндөгү жана алардын кыймыл менен болгон байланышы жөнүндөгү окуу катарында биринчи философия деп аталган тарабын камтыйт. Бул маселелер Аристотель тарабынан анын «метафизикасында» каралат, эмгектин мындай аталышы кокустан, Аристотелдин чыгармаларынын тизмесин түзгөн Андроник Родосскийдин жыйнагында бул эмгек «физикадан кийин» тургандыктан ушундайча аталып калат. Бирок «метафизика» деген сөз жүрө-жүрө физика тарабынан аңдалып-билинбей турган бытьенин принциптери жөнүндөгү б.а. башка бир философиялык жоболор негизделип чыгарыла турган абстрактуу, онтологиялык жоболор жөнүндөгү окуу катарында өзгөчө мааниге ээ болот. Натурфилософия, физика жаатында көптөгөн баалуу жана маанилүү нерселер иштелип чыккан, бирок физика биринчи философиядан ачык чек менен бөлүнгөн эмес. Аристотелдин физикасы азыркы түшүнүктөгү физика эмес, ал жаратылышты түшүнүү менен тыгыс байланышкан ошол эле жалпы философиялык маселелер, б.а. натурфилософия. Конкреттүү физикалык маселелер Аристотель тарабынан «Метеорологика», «Пайда болуу жана жок болуу жөнүндө» ж.б. трактаттарында каралат.

== Акт жана Потенция ==

'''Акт жана Потенция''' (мүмкүндүк жана аныктык) – [[Аристотель|Аристотелдин]] [[Философия|философиясындагы]] маанилүү түшүнүк.

Өзүнүн акт жана потенция окуусу менен [[Аристотель]] [[Онтология|онтологияга]] өнүгүү принцибин киргизет. Акт жана Потенция түшүнүктөрүнө «[[Кыймыл|кыймыл]]» түшүнүгү сыяктуу эле так, бекем аныктама берилбейт, бирок техноморфтук жана биоморфтук [[Аналогия|аналогиянын]] жардамы менен аныкталат. Аристотелдин айтуусу боюнча, [[Аметрия|аметрия]] - бул таза [[Потенция|потенциалдуулук]], ал эми форма, эйдос-буюмдардын актуалдуулугу ([[Энергия|энергия]] же [[Энтелехия|энтелехия]]). Аристотель тарабынан биринчи жолу киргизилген Акт жана Потенциянын [[Оппозиция|оппозициясы]] «пайда болуу» анализи үчүн андан кийин «кыймылдын» башка түрлөрүнө көчүрүлөт. Энергия ([[Актуалдуулук|актуалдуулук]]) убактылуу онтологиялык жана [[Аксиология|аксиологиялык]] примат менен мүнөздөлөт.

Актуалдуу түшүнүгү эки мааниге ээ:
* а) процесстин потенцияга болгон
* б) [[Болмуш|болмуштун]] [[Материя|материяга]] болгон мамилесин билдирет.

Аристотель [[Психология|психологияда]] «жанды» энергияга болгон акт катары аныктайт. Акт [[Этика|этикада]] (энергия) «ыракаттын» аныктамасы катары кызмат кылат.
Акт жана Потенция [[Неоплатонизм|неоплатонизм]], андан ары [[Орто кылымдагы философия|орто кылымдагы философия]] тарабынан өздөштүрүлгөн.

== Колдонулган адабияттар ==
* Л. В. Блинников.[http://www.bizdin.kg/elib/kitepter/pdf/philosophy_blinnikov.pdf Философтордун кыскача сөздүгү. - Б.: 1997, ISBN  5-900162-16-8]
* Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8

[[Category: Философия]]
[[Category: Персоналия]]
[[Category: Тарых]]
[[Category: Байыркы грек философиясы]]
[[Category: Инсандар]]

[[af:Aristoteles]]
[[als:Aristoteles]]
[[am:አሪስጣጣሊስ]]
[[an:Aristótil]]
[[ang:Aristoteles]]
[[ar:أرسطو]]
[[arz:اريسطو]]
[[ast:Aristóteles]]
[[az:Aristotel]]
[[ba:Аристотель]]
[[bat-smg:Aristuotelis]]
[[be:Арыстоцель]]
[[be-x-old:Арыстотэль]]
[[bg:Аристотел]]
[[bn:এরিস্টটল]]
[[br:Aristoteles]]
[[bs:Aristotel]]
[[ca:Aristòtil]]
[[cdo:Ā-lī-sê̤ṳ-dŏ̤-dáik]]
[[ceb:Aristóteles]]
[[ckb:ئەرەستوو]]
[[co:Aristotele]]
[[cs:Aristotelés]]
[[cv:Аристотель]]
[[cy:Aristoteles]]
[[da:Aristoteles]]
[[de:Aristoteles]]
[[diq:Aristoteles]]
[[el:Αριστοτέλης]]
[[en:Aristotle]]
[[eo:Aristotelo]]
[[es:Aristóteles]]
[[et:Aristoteles]]
[[eu:Aristoteles]]
[[ext:Aristóteli]]
[[fa:ارسطو]]
[[fi:Aristoteles]]
[[fiu-vro:Aristoteles]]
[[fo:Aristoteles]]
[[fr:Aristote]]
[[fy:Aristoteles]]
[[ga:Arastotail]]
[[gan:亞里斯多德]]
[[gd:Aristotle]]
[[gl:Aristóteles]]
[[gu:એરિસ્ટોટલ]]
[[he:אריסטו]]
[[hi:अरस्तु]]
[[hif:Aristotle]]
[[hr:Aristotel]]
[[ht:Aristotle]]
[[hu:Arisztotelész]]
[[hy:Արիստոտել]]
[[ia:Aristotele]]
[[id:Aristoteles]]
[[ie:Aristoteles]]
[[io:Aristoteles]]
[[is:Aristóteles]]
[[it:Aristotele]]
[[ja:アリストテレス]]
[[jbo:aristoteles]]
[[jv:Aristoteles]]
[[ka:არისტოტელე]]
[[kaa:Aristotel]]
[[kab:Aristot]]
[[kk:Аристотель]]
[[km:អារីស្តូត]]
[[kn:ಅರಿಸ್ಟಾಟಲ್‌]]
[[ko:아리스토텔레스]]
[[ku:Arîstoteles]]
[[la:Aristoteles]]
[[lad:Aristoteles]]
[[lb:Aristoteles]]
[[lmo:Aristotel]]
[[lt:Aristotelis]]
[[lv:Aristotelis]]
[[map-bms:Aristoteles]]
[[mk:Аристотел]]
[[ml:അരിസ്റ്റോട്ടിൽ]]
[[mn:Аристотель]]
[[mr:अ‍ॅरिस्टॉटल]]
[[mrj:Аристотель]]
[[ms:Aristotle]]
[[mt:Aristotile]]
[[mwl:Aristóteles]]
[[my:အရစ္စတိုတယ်]]
[[mzn:ارسطو]]
[[nah:Aristotelēs]]
[[nds:Aristoteles]]
[[nds-nl:Aristoteles]]
[[ne:अरस्तू]]
[[new:एरिस्टोटल]]
[[nl:Aristoteles]]
[[nn:Aristoteles]]
[[no:Aristoteles]]
[[nov:Aristotéles]]
[[oc:Aristòtel]]
[[os:Аристотель]]
[[pag:Aristotle]]
[[pl:Arystoteles]]
[[pms:Aristòtil]]
[[pnb:ارسطو]]
[[ps:ارستو]]
[[pt:Aristóteles]]
[[qu:Aristotelis]]
[[ro:Aristotel]]
[[ru:Аристотель]]
[[rue:Арістотель]]
[[sa:अरिस्टाटल्]]
[[sah:Аристотель]]
[[sc:Aristotele]]
[[scn:Aristòtili]]
[[sco:Aristotle]]
[[sh:Aristotel]]
[[si:ඇරිස්ටෝටල්]]
[[simple:Aristotle]]
[[sk:Aristoteles]]
[[sl:Aristotel]]
[[sq:Aristoteli]]
[[sr:Аристотел]]
[[su:Aristoteles]]
[[sv:Aristoteles]]
[[sw:Aristoteli]]
[[szl:Arystoteles]]
[[ta:அரிசுட்டாட்டில்]]
[[te:అరిస్టాటిల్]]
[[tg:Арасту]]
[[th:อาริสโตเติล]]
[[tl:Aristoteles]]
[[tr:Aristoteles]]
[[tt:Аристотель]]
[[uk:Аристотель]]
[[ur:ارسطو]]
[[uz:Arastu]]
[[vec:Aristotele]]
[[vep:Aristotel']]
[[vi:Aristoteles]]
[[vo:Aristoteles]]
[[war:Aristóteles]]
[[xmf:არისტოტელე]]
[[yi:אריסטו]]
[[yo:Aristotulu]]
[[zh:亚里士多德]]
[[zh-min-nan:Aristotélēs]]
[[zh-yue:阿里士多德]]