Revision 106197 of "Адыгине-Тоо" on kywiki'''Адыгине-Тоо''' - Түркстан кырка тоосунун түндүк тармагы. Лейлек жана Каравшин сууларынын аралыгында кецдик багытта 30кмге созулуп жатат.<br>
Туурасы 6км. Орто бийиктиги 3200—3500 м, эң бийик жери 3952м. Жону тайпак, айрым жерлеринин капталы тик, кыска кокту-колоттуу.<br>
Ортонку карбондун кумдук, алевролит, аки таштуу конгломерат, сланец тектеринен турат.<br>
Кургак талаа (1600—1700м бийиктикке чейин), шалбаалуу талаа жана арчалуу токой (2600—2700 лге чейин), субальп жана альп шалбаалуу талаасы, сейрек бетегелүү талаа ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт.<br>
[[Category:Кыргызстан]]
[[Category:Азия]]
[[Category:География]]
This site is not affiliated with or endorsed in any way by the Wikimedia Foundation or any of its affiliates. In fact, we fucking despise them.
|