Revision 142542 of "Кыргыз кинематографында идеологиянын орду" on kywikiИдеология абдан татаал тема болуп эсептелинет жана ага ар түрдүү көз караштар болгон. Кээ бирлерин эскерип кетсек: туура ойлонуунун илими (Destutt de Trcu); бир топ кызыктай болгон адамдардын ой-пикирлери (Наполеон); бир класстын (таптын) дүйнөгө болгон көз карашы (Ленин); коомду бир жерде кармап турган субстанция (Gramsci); материалдык практика (Альтуссер). Албетте мында жөнөкөйлөтүүлөр болгону менен бул ойчулдардын идеологияны жөн гана түшүнгөндөрү айтылган жок, алардын болгону гана идеология темасына кошкон салымдардын кээ бирлери гана көрсөтүлдү. Бардыгынан мурун, формалары эмне болсо дагы (диний, адеп-ахлактык, укуктук, саясий) ар дайым таптык бөлүнүүлөрдү кеп кылган өзгөчө иделогиялардын теориясын эмес, жалпы идеологиялык теориянын структурасын негиздебесе да, болболду дегенде мүмкүн кылган принциптердин себептерин аныктоо үчүн көрсөтүлгөн экилүү мамиле ичинде бир идеологиянын теориясына багытталуу керек.
Кинематограф пайда болгондон баштап эле идеология менен тыгыз мамиледе болуп келген жана идеологиялык мааниге ээ болгон. Кинематографтын чындыкты чагылдырышы же чагылдырбашы, идеологияны жаңыдан түзүп түзбөгөнү, камеранын өзүнүн идеологиялык каражат болуп болбогондугу жөнүндө кызуу талкуулоолор болгон. L Comolli жана J. Narboni бул тема боюнча “кинематограф – чындыкты кайрадан курат” дешкен. Камера жана тасма бул үчүн жасалган, ошондуктан идеологияны түшүндүрүшөт. Бирок кино тартуунун каражаттары жана ыкмалары “чындыктын бирден бир бөлүгү болуп саналат жана эң кызыктуусу “чындык” эгемендүү идеологиянын бир аныктамасы болуп гана эсептелет. Бул жактан карасак, камера дүйнөнү өзүнүн “конкреттүү чындыгы” ичинде кармап турган нейтралдуу бир каражат болгонуна караштуу классикалык кино теориясы болушунча регрессивдүү болуп түшүнүлөт. Бир фильмди тартып баштаганда, биринчи эле съемкалардан баштап, нерселерди чыныгы эмес, идеологиянын фильтринен өткөрүп туруп жаңыдан өндүрүү кыйынчылыгы менен бетме-бет калабыз. Бул өндүрүштүн жыйынтыгында ар бир баскычты өзүндө камтыйт: темалар, стилдер, формалар, түшүнүктөр, түшүндүрүү салттары; булардын бардыгы жалпы идеологиялык тилге басым кылат. Jean-Patricik Lebel бул ой-пикирлерди сынап, мындай жыйынтыктарга келген: кабыл алуучу өзү бир идеологиялык каражат эмес. Кандайдыр бир идеологияны жаратпаганы менен катар, жөн гана эгемендүү идеологияны чагылдырууга милдеттүү эмес. Кабыл алуучу идеологиялык жактан нейтралдуу бир каражаттан, бир машинадан башка нерсе эмес. Илимий маалыматтарга жараша иштейт жана жаңыдан-өндүрүү идеологиясы боюнча эмес, илимий бир фундаментке негизделип курулган. Кинематограф башка каражаттар сыяктуу эле идеологиялык максаттарды ишке ашыруу үчүн колдонулушу мүмкүн. Муну менен бирге практикада эгемендүү идеология кинематографты өзүнүн идеологиясын жаюу үчүн колдонуп жатат. Башка жактан караганда, кабыл алуучу канчалык идеологиялык каражат болуп эсептелсе да, ошол идеологияны жаюунун бир каражат болуп саналат. Чын эле кинематограф ар бир фильм аркылуу идеологиянын белгилүү өлчөмүн кайрадан өндүрөт. Эгер кинематограф “табигый” жол менен эгемендүү идеологияны чагылдырып жаткан болсо, кабыл алуучу үчүн табигый жыйынтык болуп эсептелбейт. Эгемендүү идеологиянын кинематографка кылган бийлигинин жыйынтыгы болуп саналат. “Табигый” термининин ордуна “маданий” терминин колдонуу жана кабыл алуучудагы табигый калдыктарынын жерине, кинематографисстини идеологиялык позициясы жана көрүүчүнүн идеологиялык көз карашы жөнүндө кеп кылышыбыз керек. Кинематограф бир жактан эгемендүү идеологиянын баалуулуктарын өздөштүрүүгө аракет кылган, бир жактан да эгемендүү идеологиядан сырткары орношкон жана ага оппозициялык мамиле кылган башка идеологиялык каражаттар үчүн идеалдуу бир каражат ролуна келген. Бир жакта эгемендүү бир жактан болсо уруксаттуу идеология болду. Бир жактан ичинде болгон, өздөштүрүлгөн, өндүрүлгөн жана жаңыдан өндүрүлгөн эгемендүү идеология, башка жактан дүйнөнүн түшүндүрүүнүн формасы катары кабыл алган, аң-сезим менен тандалган, корголгон жана жашоосун ошого жараша тартипке келтирүүгө аракет кылган системалуу көз караш, дүйнөнүн көрүнүшү болгон жашоого карата бир позиция катары идеология бар.
Улуу Октябрдык революциядан кийинки Совет коому, болбоду дегенде биринчи жылдарда башкача, жаңы жана адамга татыктуу болгон жашоону камсыз кыла турганын көрсөткөн. Бирок көтөрүлүштүн идеалдары күндөн күнгө жок болуп баштайт жана абдан катуу бюрократиялык жана эзүүчү мамлекеттик машина элдин жашоосуна бийлигин жүргүзөт дагы революция учурундагы саясий жетекчиликте да коомдук жашоодо да көп сөздүүлүктүн ордуна советтик жалгыз сөз пайда болот. Советтик кинематографисттер өздөрүнүн өнөрлөрүнө байланыштуу тажрыйбаларды жүргүзүүдөн баш тартканга аргасыз болушту. Партия туура көргөн мазмунга туура болгон кинолорду тартышты. 19-кылымда буржуазия экономикалык жана саясий бийликти колуна толугу менен алгандай эле, мында да мунун маданий чагылыштары көрүндү. Эгемендүү идеология каалаган кинодо көрөрманга кыйынчылык жараткан эч нерсе болбош керек. Формалдуу деңгээлде эч тоскоолдугу жок агым менен көрөрман кыймыл-аракетке байланышышы керек, баш каармандардын характери менен окшошууга аракет кылыш керек, абдан бекем жабылган жана туура деп көрсөтүлгөн жана психологиялык мотивацияга жараган дүйнөнүн ичинде камалышы керек, ойлонбошу, сезбеши керек, кааланган таасирлерди бериши керек жана мындайча эгемендүү идеологиянын өздөштүрүлүшүнө кааланган баалуулуктарга макулдугун бериши керек. Бул баалуулуктардын арасында жеке менчиктин кол тийгистиги, эркин ишкерликтин көз карандысыздыгы жана эркектин башкаруучу, аял менен балдар көз каранды болгон гетеросексуалдуу жалгыз аялдуу үй-бүлө орун алган.
Азия материгинин кеңири аймактарында орун алган Кыргыз Республикасынын кинематографы Россия киноэстетикасы жана идеологиясынын ичинде пайда болгон. Бул жыйынтыктын себеби Советтик системанын, ага караштуу көз каранды болгон Кыргызстандын экономикалык жана маданий тармактарынын борбордон көзөмөлдөнө турган башкаруу формасынын курулушунан келип чыккан. Бул бийлик абдан терең болгон. СССР кулаганга чейин Кыргыз кинематографы Советтик кинематографтын аты менен чыккан. Булардын бардыгына карабастан Кыргыз филмьдеринде кинонун тили дагы, идеологиясы дагы, теманын иштелип чыгыш формасы жагынан эстетикалык жактан жетилгендиги жана өзү келип чыккан маданияттын спецификасы дароо көзгө урунат. Мунун себеби СССРдин маданий чөйрөсүндөгү борборлоштуруу алып келген/каалаган/күткөн идеологиялык структурада фильмдерди тартуунун жанында Кыргызстандын өзүнүн каада-салттарына, үрп-адаттарына таянып тартылган фильмдердин тартылышынан келип чыгат.
Улуу Октябрь көтөрүлүшүнөн кийин дароо 1920-жылдарда Совет кинематографы жалгыз гана практикалык тармакта эмес теориялык тармакта да дүйнөдөгү толкундатуучу кинематографтардын бирөөсүнө айланды. Киноөнөрчүлүгүнө абдан чоң салымдарды кошкон эстетика 1917-жылы көтөрүлүшү учурундагы жылдарда кайраттуулукка мол жана интеллектуалдык динамикага жүктөлгөн баамдоо менен түзүлгөн, азыркы күндө да баалуулугун жоготпой, кинематографты искусство кылган негизги элементтер ар дайым болгон.
Сталин учурундагы теориялык жана практикалык жактан жылдызы жанган жылдар абдан кыска болот жана кээ бир киноавторлор тарабынан “пропагандалык кинематограф” деп эскерилген мезгил башталат. Сталин мезгилиндеги фильмдери деп айтылган бул чыгармаларда киноискусство абдан тар идеологиялык-саясий шаблондорго киргизилген жана пайда болгон продукция өзүнчө эле бир катастрофа болгон. Бул мезгилде искусствонун башка түрлөрүндө болгондой эле кинодо да чыгармачылыкты өйдөдөн төмөндү карай көзөмөлдөгөн, системалуу жана тыгыз бюрократиялык формада иштеген организм курулган. Кино искусствосу көтөрүлүштү элге түшүндүрө турган, социализмдин тууралыгын далилдей турган бир каражат катары каралган. Дүйнөдөгү мурдагы саясий кинолордун бирөөсү болгон Орус эстетикасы жок болгон.
Сталин мезгилиндеги фильмдердин жалпы көрсөткүчү болуп, монументалдык, оозу көптүрүлүп жана жадатма эпикалык айтууларга, стандарттык каармандарга же адамдарга кантип жашаш керек экендигин түшүндүрүүгө аракет кылган билдирүүлөр менен жык болушу эсептелет.
Кыргызстандын кинолорунда тарыхый драмалар ар дайым биринчи планга чыккан. Мындай фильмдерде каармандардын окуялары болушунча эпикалык мүнөз менен экранга чагылдырылган жана актердук оюнда апыртылган театралдык багыт көзгө катуу урунат.
Режиссерлор көбүнчө окуяны жакшы баяндай алышкан эмес, ошондуктан эффекттүү сахналык картиналарды коюуга аракет кылышкан. Хрущёв учурундагы жеңилдөө мезгилинин чыгармачылык дүйнөсүнө бул контекстте Сталин мезгилиндеги түшүнүктөрдүн жоюлушуна күбө болгон Кыргызстандын кинематографиясы социалисттик чындыкты көрсөткөн мейкиндиктен абдан узак, өздөрүнүн улуттук чындыктарына таянган чыгармаларды жаратууга баштады. Кыргызстандык өзүнө мүнөздүү кино тилинин пайда болушунун дагы бир башка фактору болуп Советтик борбордук системанын Кыргызстан үчүн бөлүштүргөн фильм өндүрүү квотасынын толтурулушу жаатындагы тайманбаган саясаты саналат.
Кинобаяндамаларда чоң темалардын жана көп түрдүүлүктүн күчкө толуп баштаган бул мезгилде маанилүү элемент болуп фильмдердин тилинде акырындык менен Батыш кинематографынын таасиринин сезилиши менен ошол эле мезгилде улуттук маданияттын басымдуу өзгөчөлүктөрүн кайрадан жандандырып, мурдагыдан күчтүү формада чагылдыруу шыктуулугу жана аракетчилдиги эсептелет. Мындайча Кыргызстанда жаратылган чыгармаларда элдин миңдеген жылдык каада-салтында, чыныгы кино мектебин бөлүштүрүүнү камсыз кыла тургандай тамыр салган жаңы кинематографиялык тилдин өнүктүрүлүшүнө аракет жасалган.
Совет бийлиги учурундагы Кыргызстан илим жана технологиядан алыс кармоо үчүн өлкөдө опера, театр, музыка, элдик оозеки чыгармачылык жана спорт сыяктуу тармактар басымдуулук кылган. 1960-жылдарда искусство жаатындагы көзөмөл жумшарып, мунун табигый натыйжасы болуп жергиликтүү студиялардын кайрадан ачылышы, улуттук фильм маданияты кайрадан жанданышы болгон. Тарыхый жана идеологиялык себептерден улам Кыргызстандын фильмдеринде эстетикалык баалуулуктардын көздүн карегиндей кылып сактоо аракети байкалат. Ошондуктан Кыргызстан үчүн жалпы маданий көрсөткүч жөнүндө кеп кылса болот. Кыргызстанды кино эстетикасы Америка жана Европанын негизги агымынан өзгөчө болуп турат жана жалпысынан эпикалык баяндоого жакындыгы көрүлөт. Кыргызстандын ийгиликтүү кинотасмаларында оригиналдуу тилдин эстетиканын жогорку шифрлүү элементтери менен бирге токулуп, курулганы байкалат. Эпикалык мүнөздөгү тартылган фильмдер ээ болгон түшүндүрүү күчү кинонун кийин пайда болгон түшүндүрүү тармагы катары эмнелерге жетишкендерин көрсөткөн конкреттүү мисалдар болуп көз алдыбызда турат. Бир жактан таза кино деп атай ала турган бул чыгармаларда көпчүлүк учурда бир каарман жөнүндө курулбаган, буга каршы адамдын өзүнүн, башка адамдар менен жана табият менен мамиле куруу аракетин чагылдырган мамилелер түрмөгү бар. Баяндоолордун техникалык ыкмалары колго алынып жалпы көрсөткүчтөр катары каралганда Кыргызстандын кино чыгармаларынын драмалык ийри сызык болбогонун, окуялардын сейрек алмашкан, интригилардын курулушу жана аралыгынын башкача болушу Батыш драма баяндоосуна көнгөн көрөрман үчүн жадатма деп айта ала турган түзүлүшкө ээ болгонун көрө алабыз. Жасалгалар, кийимдер, жарык сыяктуу элементтердин маани жаратуучу мейкиндигинде колдонулгандыгы үчүн визуалдык эстетиканын, камера кыймылдарынын аздыгы жана жаңы реалисттик эстетиканы эстеткен актердук оюндун болушу айтыла алат. Кыргызстандын өзгөчө жаш муунунан түзүлгөн режиссерлордун чогулган жалпы көрсөткүчү болуп жалпы ата-бабалардын тарыхына жана тажрыйбасына, башкача айтканда өлкөнүн коллективист тажрыйбаын түшүнүү жана түшүндүрүү үчүн дастандык түзүлүштөрдү колдонуу каалосу болгон. Убакыттын өтүшү менен кыргыз киносу тажрыйбаны топтогон жана азыркы учурда жогорку поэтикалык жана чыныгы дастандык күчкө ээ болгон эпикалык фильмдерди тартууга аракет кылууда.
Кыргыз режиссерлорунун өздөрүнө мүнөздүү бир жолу болгонун айта алабыз. Салттуу маданияттын идеализациясынын жаңыдан курулушу. Башкача айтканда Актан Абдыкалыков, Артыкпай Сүйүндүков жана Бекхан Айткулуев сыяктуу режиссерлордон түзүлгөн 1990-жылдардын мууну, Төлөмүш Океев жана Болотбек Шамшиев сыяктуу усталар өкүл болгон 1960-жылдардын мууну койгон максаттарды өздөрүнө кабыл алышат. Алардын арасында айырма бар, 60-жылкы муун Чыңгыз Айтматов жана Мухтар Ауэзовдордун адабий чыгармалардан пайдаланышса, 90-жылкы муун визуалдык эстетикага басымдуулук кылган. Фильмдерде заманбап кыргыз мүнөзүнүн эң маанилүү маселелерин формулага салганга аракет жасалган. Абдыкалыков боюнча бул мүнөз курак деп аталат. Башка жактан, өзгөчө 1991-жылдан кийинки кыргыз кинолорунда балдар фильмдерде маанилүү ролдорго ээ болуп башташат: “Маймыл”, “Бешкемпир” (Абдыкалыков/1998), “Аталар керээзи”, “Байкем, Жибек Жолум”, “Yмүт” (Марат Сарулу). Бул кубулуш Фрейд боюнча адамдардын өздөрүн балалык мезгилиндеги элестери менен улут арасындагы курган аналогия деп чечмеленет. Фрейд боюнча бир улуттун өзүнө тиешелүү аңгемелер-жомоктор, инсандардын балалык мезгилиндеги элестердин “парда элеси” түзүлүшүнө окшошот. Башкача айтканда улуттук жомок-жамактар эстелбеген башка нерселердин ордуна орнотулган элестер болуп саналат. Фильмдерди коомдун жалпы түштөрү деп карасак, бул фильмдер кайрадан капиталисттик жана улуттук аң-сезимге ээ болуу аракеттеринин бир көрүнүшү/өндүрүмү болгонун айта алабыз. Советтик мезгилден кийинки кыргыз киносу мамлекеттин колдоосуна ээ болбогондуктан, акчасы бар көрөрманды ишке аралаштырып фильм тартуунун маанисин кайрадан түшүнүп жүргөн учуру.
1991-жылга чейинки кинематографта кыргыз эли өзүнчө бир улут эмес социалисттик мааниге ээ болгон бир улут болуп таанылган жана СССР курамындагы дүйнөлүк жарандыкты идеалдаштырган. Жергиликтүү баалуулуктар диний баалуулуктар менен бирге талкаланып, кайрадан жандандырылганы менен улутчулдук көрүнүштөр акырындык менен 1970-жылдардын аягында жана 1980-жылдар боюнча тартылган фильмдерде байкалып баштайт. 1991-жылдан кийинки фильмдер улут алдындагы жергиликтүү аң-сезимди жана улут үстүндөгү диний аң-сезимге кошулган аң-сезим катары жаңыдан курган каражаттар формасында көрө алабыз. Башкача айтканда, иретсиз аң-сезимдер курулган бир кинематограф бар. 1990-жылында Советтер мамлекети бузулуп жаткан маалда бардык советтик республикаларда киностудияларда фильмдерди тартуу бир убакытка токтотулган. Советтердин кыйрашы башка тармактарга тийгизген таасири искусство тармагына да өз изин калтырган. Советтер Союзунун эң чоң киностудиясы болгон “Мосфильм” совет жылдарында жылына 70-90 фильм тарткан. 1991-жылдан кийин бул мекеменин өндүрүмдүүлүгү жылына 8-10 фильмге чейин төмөндөгөн. Албетте мунун себеби экономикалык жут жана туруксуздук болгон. Мурдакы мамлекеттик колдоо менчиктештерүүнүн келиши менен жок болду. Бул абал бардык совет өлкөлөрүндө бирдей болду. Бир топ студия жабылууга дуушар болду, бул абал да чакан студиялардын ачылышына себеп болгон. 1991-жылы эгемендүүлүккө жетишкен Кыргыз Республикасында кино чөйрөсү ордунан жылбай токтогон маалын жашады. Бул жылдары фильм тартуу үчүн каражат керек болгон. Мурдагыдай өйдөдөн басым жана цензура жок болгон. “Каалаганымды кылам” деп ойлонгон искусство ишмерлери жаңы пайда болгон “акча” маселеси менен бетме-бет калышты. Студияларды иштеген профессионалдар чет өлкөлөргө кетүүгө мажбур болушту. Кыргыз кинематографынын устасы Төлөмүш Океев бир нече жыл Түркияда Кыргызстандын элчиси болуп иштеди. Бир топ атагы чыккан адамдар Москва, Санкт-Петербург, Киев студияларына кетишке аргасыз болушкан. Кыргыз киносунун бир топ ишмерлери азыркы күндө да жумушсуз абалда калышкан же башка кесипке башы менен кирип кетишкен. Кинематографта атактуу бир ишмердин пайда болушу үчүн канчалык убакыт жана эмгек керек болгонун түшүнүү үчүн тарыхтын ушул кичинекей бөлүгүндө байкасак болот.
Төлөмүш Океев элчилик кызматына киришүүдөн мурун италиялык киночулар менен чогуу “Чыңгызхан” аттуу үчилтикти тартууга жетишкен. Тилекке каршы бул фильм италиялыктардын арасында чыккан жаңжалдын себебинен экранга чыккан эмес. 1990-жылдан кийин кыргыз киночулары документалдык фильмдер менен чогуу кыскаметраждуу фильмдерди дагы тартышты. “Кыргызфильм” студиясына 1981-жылдан бери көркөм жетекчилик кылган Актан Абдыкалыков 1991-жылдан баштап тарткан автордук фильмдери менен таланттуу режиссер болгонун далилдеди.
Кыргыз киносунун экономикалык жактан эң татаал күндөрүн 1990-жылдары сезди. Совет мамлекети кыйраган жана Кыргыз эли эгемендүүлүккө ээ болгон. Россияда бардык тармактардагыдай эле кино тармагы да начар абалда болгон. Кыргыз киносу болсо эптеп, фильмдерди тартууга аракет кылган. 1995-1996-жылдары кинематографты колдоогоо алуу чечими алынган. Бирок бул жардам абдан чектелүү болгон жана керектөөлөрдү камсыз кыла турган өлчөмдө болгон эмес. Мамлекет кичине болсо да өз жардамын тийгизип, бир нече фильмдердин тартылышына көмөкчү болгон. Жеке студиялардын ачылышы менен фильмдердин санынын көбөйүшү байкалды. 1990-жылдары кыргыз киносунун экономикалык каатчылык мезгили болгон.
2000-жылдарга келгенде кыргыз киносу 90-жылдардагы кыйынчылыктардан кичине болсо да жеңилдей түшкөндөй болду. Бул жылдары мамлекеттин кино тармагына колдоосу көбөйгөн. Кыргыз фильм-студияларындагы бир топ тасмалар жарыкка чыккан. Жеке студиялардын ачылышы улантылган. Муну менен бирге материалдык жардам катары чет элдик фонддордун колдоосу жогорулаган. Эл аралык мекемелердин кээ бирлери кино тармагына өз жардамын берген. Жеке фирмалар да кинематографка колдоо көрсөтүп башташкан. Бирок булардын бардыгы бардык маселелерди чечпейт, анткени өлкөдөгү материалдык-техникалык база абдан начар абалда. “Кыргызфильм” студиясында техникалык каражаттардын дээрлик бардыгы эскирип бүткөн. Ошондуктан азыркы учурда техникалык кыйынчылыктар бар. Кинематографка мамлекеттик колдоо көрсөтүлүүдө, бирок бул жардам кинотасмаларды тартууга гана жумшалып жатат. Жогорку сапаттуу фильмдин тартылышы үчүн инфраструктураны оңдош керек. Кыргыз кинематографы жаңыдан түзүлүш керек. Пираттык ишмердик менен күрөшүү керек. Мамлекет бул тармакта тартипти сактаганга керектүү иш-чараларды жүргүзүшү керек. Базарларды фильмдерди ачык эле сатууну токтотуу керек. Бул эң чоң маселе болуп саналат. Анткени мындан улуттук кино дагы чет элдик кино дагы жабыркап жатат. Азыркы күндө кинотеатрда көрсөтүлгөн фильмдер ошол эле күнү базарда дисктерге жазылып сатылып жатат, албетте көрөрман арзан баадагы пираттык продукцияны алгысы келет. Бул себептен улам кинотеатрлардын иши жүрбөйт. Кыргызстанда жетишерлик санда кинотеатрлар бар. Айтылган маселенин чечилиши менен кино көрсөтүү менен алек болгон ишмерлер да пайда көрүшөт.
Муну менен бирге дагы эле сценарий даярдоо көйгөйү чечиле элек. Сценарий багытында оңойчулук жеңишке ээ болууда. Каржылык маселе жактан мурдагы жылдарга караганда бираз болсо да бутка тургандай болуп турат. Бирок дагы эле абал кыйын. Продюсерлер, режиссерлор, сценаристтер, актерлор жана кино тармагында иштегендердин маянасы аз. Эптеп жандарын багайын деп аракет кылышууда. Советтик мезгилде социалисттик турмуш айкын түрдө көрсөтүлгөнгө аракет жасалган. Фильмдерде колдонулган каармандардын образдары жергиликтүү калктан тандалып, өзгөчө элет жергесине басымдуулук кылганы даана байкалат. Жашоо шарттарынын начардыгы, байлар менен кедейлер арасындагы адилетсиздиктин жоюунун жалгыз жолу болуп социализмдин орнотуш керек болгондугу көрсөтүлгөн. Кыргыз киносунун ар бир мезгилин караштырганыбызда Совет маалындагы тартылган фильмдерде колдонулган ырлар, элдик бийлер, үрп-адаттар Кыргызстандын өзүнүн маданий элементтеринин пайдаланылып, фильмдерде чагылдырылган. Элдин жаңы турмушту кабылы алышын көздөөдө элдин өзүнүн каада-салттарын колдонуу абдан таасирдүү болгон. Бул жол менен дагы социалисттик тартипти орнотуу аракеттери көрүлгөн. Социалисттик түзүлүштү каалабаган бай-манаптар өздөрүнүн бийлигинин жок боло турганын түшүнүшүп, бул түзүлүшкө каршы болушкан. Социализмге каршы болгондорду советтик пропагандисттер элдин душманы деп жарыялап, элдин маданиятына каршы чыккандар деп аташкан. Бул жол менен жергиликтүү калкты өз тарабына өткөрүү аракеттери жасалган. Бул учурда тартылган фильмдерди изилдегенибизде маанилүү деп эсептей ала турган темалардын бирөөсү катары жергиликтүү элди жаңы түзүлүшкө баш ийдирүү багытындагы кыйыр түрдө болсо да күч колдонуу тактикасынын колдонулушу саналат. Мындайча советтик идеологиянын элге өздөштүртүү аракеттерин көрө алабыз. Советтик режим келгиче элдин билим алуу жери мечиттер жана медреселер болгон. Бул жерлерде жооптуу молдолор балдарга диний сабактарды беришкен. Дал ушул чекитте Советтик режимде дин бир коркунуч туудуруучу нерсе катары каралат, диндин таасири күчтүү болгон коомдун заманга дал келбегендиги, мындай коомдун артта калгандыгы тасмаларга тартылган. Совет бийлигине каршы чыккандар болсо ар дайым динди өз кызыкчылыктары үчүн кызмат кылган курал катары колдонгонун айтышкан да мындайча элдин динге болгон мамилесин муздатуу пландалган. 1991-жылдан кийинки фильмдерди жергиликтүү жана диний аң-сезимди бириктирген улуттук аң-сезимди кура турган курал катары көрө алабыз. 1990-жылдардан кийин айыл жергеси жөнүндөгү фильмдер тартылган. 2000-жылдарда кыргыз киносунда аялзаты жөнүндө фильмдер тартылган. Өзгөчө кыз ала качуу маселеси катуу талкууланган. Мында аялзаттын тең укуктуулугу жөнүндө бираз болсо иштер жүргүзүлүп жатканын көрсөк болот. Айыл жергелеринен шаарды көздөй көчүү кубулушунун өсүп кетишинен улам, шаарда жашаганга жер таппай жүргөн балдардын тагдырлары да сахнага коюлган. Кыргызстанда жашаган улуттардын ишеничтери, каада-салттары ар түрдүү. Элдин көпчүлүгү ислам динин тутат. Бирок бул айырмачылыктар каралган эмес. Советтик Россиянын таасири коомдун түзүлүшүндө, маданиятында бир топ өзгөрүүлөрдү киргизген, бирок азыркыга чейин өз элинин өз алдынчалыгын сактап келген кыргыздар бар. Булар көңүлгө алынбай туруп Советтик Россия алып келген маданият түшүнүгүндөгү фильмдердин тартылуусу улантылып жатат. Бул абал кино күйөрмандарынын азалышына себеп болгон.
Эгемендүүлүккө жетишкенден кийинки жылдардагы кыргыз фильмдери жалпысынан согуш жана экономикалык проблемалар үстүндө токтолгон. Эгемендүүлүктүн биринчи жылдарында экономикалык каатчылык жана кедейчилик темалары таасирдүү болгон. Советтер Союзунун таркашы менен боордош мамлекеттердин арасындагы экономикалык мамилелер да үзүлгөн. Эгемендүүлүктүн биринчи жылдарында тартылган фильмдерде жалпысынан адамдардын материалдык абалдарын оңдоо үчүн кылган аракеттер көрсөтүлгөн. Бирок бул фильмдерде кандай кыйынчылык болбосун өлкөгө болгон мекенсүйөрлүктүн жок болбошу бөтөнчө белгиленген. Акыркы жылдарда тартылган фильмдердин темалары жалпысынан көз карандысыз болгондон кийинки экономикалык, саясий проблемалар жана Советтер Союзу учурундагы кыйынчылыктар жөнүндө болгон. Экономикалык кыйынчылыктар менен бирге пайда болгон коомдук проблемалар да орун алган фильмдерде үстүртөн өзүбүздү өзүбүз сынагандай болобуз. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарындагы болуп өткөн окуялар түшүндүрүлгөн фильмдерде саясий жана коомдук артка кетүүлөр, элдин түрдүү бөлүктөрүндөгү адамдардын жашоолору көмүскөдө калып көрсөтүлгөн. Совет мезгилинин кыргыз киносунда жана эгемендүү Кыргызстандын киносунда идеологиялар эки башка мүнөздө. Анткени совет мезгилинин фильмдеринде советтик түзүлүштүн легитимдүүлүгү алдыда болсо, эгемендүү кыргыз киносунда болсо эркиндик, улутчулдук, мамлекеттин биримдиги жана сүйүү сыяктуу түшүнүктөр алдыңкы планга чыгат. Кыргыз киносун жалпысынан карасак мында ар дайым мурдакы түзүлүштү сындоо элементтери көзгө учурайт. Коюучу-режиссер Жали Соданбектин “Гибель во имя рождения” фильмин изилдегенибизде 1916-жылда болуп өткөн кандуу окуялардан акырын жел урулат жана советтик түзүлүшкө кандайдыр бир сын-пикир айтылгандай болот. Эгемендүү кыргыз кинематографында Темир Бирназаровдун “Белгисиз маршрут” жана Эрнест Абдыжапаровдун “Айыл өкмөтү” фильмдердинде мурдагы Советтик режим катуу сынга алынат. Ошондуктан советтик жана эгемендүүлүк учурундагы кыргыз фильмдеринде идеологиялар ар кандай болгону менен темалардын талкуулануу принциби бирдей болгон. Фильмдер ар дайым өз учурундагы режимге терс болбочудай жасалган.
Совет мезгили кыргыз фильмдеринде Совет бийлигине чейинки мезгилди ар дайым сындап келген. Ошондой эле советтик режим аябагандай макталган. Эгемендүү кыргыз киносуна көз салганыбызда кайрадан өткөн мезгилге сындоолорду көрө алабыз. Эки мезгил тең каралган темалар өздөрүнө чейинки түзүлүштү терс критикалоо аракеттерин көрөбүз. Муну менен бирге учурдагы режимди элдин кабыл алышы үчүн иштер жүргүзүлгөнүн да байкайбыз. Азыркы учур эң сонун деп айтылат. All content in the above text box is licensed under the Creative Commons Attribution-ShareAlike license Version 4 and was originally sourced from https://ky.wikipedia.org/w/index.php?oldid=142542.
![]() ![]() This site is not affiliated with or endorsed in any way by the Wikimedia Foundation or any of its affiliates. In fact, we fucking despise them.