Revision 149152 of "Таш-Рабат сепили" on kywiki

Белгилүү Таш-Рабат сепилинин түштүк тарабында Кара-Шөкүлө деген TOO жайгашкан. Тоонун чокусунда чындыгында эле шөкүлөнү элестеткен чоң зоока бар.

Качандыр бир кезде ушул зоокадагы үңкүрдө бир үй-бүлө жашаган экен. Бул үй-бүлө кайберендин этин жеп, терисин кийим кылып кийип, күн өткөрөт. Булар токчулукта жана бейкутчу-лукта жашашат.

Күндөрдүн биринде үй-бүлөнүн атасы бул үңкүрдө камалбай, түз жерге түшүп жашоону ойлоп, эл ары-бери көп өткөн жерге, суунун боюна сарай салууну чечет. Атасынын бул оюн баласы да колдоп, сарай салууга киришет. Бул челкөмдө мындай курулуш курууга таштан башка ыңгайлуу эч кандай каражат жок болгондуктан, сарайды таштан салууга аргасыз болушат. Ал эми таштын жакыны эле Кара-Шөкүлө зоокасы болчу.
Ошентип, тоонун башындагы зоокадан баласы таш ыргытып берип, ал эми атасы болсо ойго туруп баласы ыргыткан таштар-дан кынаптап сарай кура баштайт. Канча убакыт еткөнү белги-сиз, акыры сарайдын курулушу да аяктап калат. Ошол убакта атасы ары-бери өткөн элдерден эртеси күнү ушул курулуп жаткан сарайдын жанынан чоң көч өтөрүн угат. Бул көч шайтандар-дын көчү болот.

Кечинде тамактангандан кийин эс алып отуруп, атасы баласына:

- Балам, эртең менен кечке чейин биз салып жаткан таш үйдүн жанынан көч өтөт экен. Сен аларды байкамаксан бол. Ниетиңди бурсаң эле бир балээге кабыларыбызды сезип турам. Анткени ал шайтандардын көчү экен. Алар атайын бизге тоскоол болуп, алаксытыш үчүн өтүшөт. Сен ал жакты карабай өз жумушуңду кыла бергин, эч азгырылба, - дейт. Атасынын бул сөзүнө баласы макул болот.
Эртеси айткандай эле таң азандан таш үйдүн жанынан көч өтө баштайт. Көч өткөндө да өзгөчө азем менен: ыр-чоор, оюн-күлкү коштоп өтет. Бул жерде жомоктогудай элди аябай кызыктырган шаан-шөкөт болот. Күн шашке болот, көч түгөнбөйт, бешим болот, кеч түгөнбөйт. Ал эми бала болсо аларды карабай, аларга азгырылбай таштан ыргытып жумушун уланта берет. Себеби, бул күн жумуштун акыркы күнү болчу.
Акыры кеч кирерде бала чыдабай кетип көчке кез кырын салып жиберет. Ошондо баланын ыргыткан ташы таш үйгө жетпей калат.   Ыргыткан таштар коктудагы суунун жээгине араң жетет.

Ошентип, таш үйдүн акыркы бөлмөсүнүн бир бурчу гана бүтүп калган экен. Ал эми баланын жеткире ыргыта албай калган таш-тары азыр да суунун жээгинде жатат. Эң кызыктуусу ошол таш үй канча бөлмөдөн турарын эч ким так санай албайт дешет.

Булак: Серия:«Окуучунун китеп текчесине»
АЛА-ТОО
УЛАМЫШТАРЫ
Түзгөн:  Сулайман Рысбаев, Батыркулова Айгул
(Тестиер жана өспүрүм курактагы мектеп окуучулары  үчүн)