Revision 151078 of "Ислам" on kywiki

{{Ислам}}
'''Исла́м''' ({{тил|ar|الإسلام}} {{IPA| [al-ɪsˈlæːm]}}) — [[монотеизм|монотеисттик]] [[дүйнөлүк дин]] болгон 3 чоң диндин бири. «Ислам» сөзү - «Кудайга баш ийүү», «багынуу» ( [[Аллах|Аллахтын]] закондоруна), тагыраак айтканда Алла Тааланын амирине моюн сунуу дегенди түшүндүрөт. 

[[Шарият]] термининде ислам бул толук, абсолюттук түрдө жалгыз [[Аллах|Аллахка]] сыйынуу, Аллахтын буйруктарына жана тыюууларына баш ийүү, башка кудайчаларга сыйынуудан четтөө. 
Ислам дининде (исламды карманып) жашаган адамдар  - [[мусулман]] деп аталат.
Исламдын башкы ыйык китеби - [[Куран]]. 

Мухаммед пайгамбардын (САВ) хадистери боюнча баардык элге Аллах тарабынан монотеисттик жолду көрсөтүп туруучу [[пайгамбарлар]] жөнөтүлүп турган (баардыгы 124 000 ге жакын). Бирок, убакыттын өтүшү менен адамдар адашуу жолуна түшө башткашкан, ал эмес кээ бирлери [[Ыйык китептер|Ыйык Китептерге]] өздөрүнүн көз карашын кошуп бурмалап көрсөтүшкөн.
Аллах тарабынан жиберилген пайгамбарлардын ичинен эң акыркысы [[Мухаммед Пайгамбар|Мухаммед пайгамбар]] ([[САВ]]) болгон, жана Мухаммедден кийин эч бир пайгамбар болбойт деп айтылган.

==Исламдын тарыхы==

[[Аль-Бухари]] имамынын [[хадис|хадиси]] боюнча 610 жылдын [[Рамазан айы|Рамазан айында]] Мухаммед пайгамбардын 40 жашында, Хира үңкүрүндө Мухаммед пайгамбарга [[Жабреиль |Жабреиль]] периште келип, Курандын алгачкы 5 аятын үйрөткөн. Бул жылды (610-ж.) Исламдын пайда болгон жылы катары кароого болот.
Пайгамбарлык милдет жүктөлгөндөн баштап 3 жыл Мухаммед пайгамбар өзүнүн жакындарын исламга жашыруун түрдө чакырган. Бул мезгилде исламды өзүнүн жубайы [[Хадиджа]], Али ибн Абу Талиб, [[Абу Бакр ас-Сыддык|Абу Бакр]] баш болуп 40 киши кабыл кылган.

===Исламга ачык түрдө чакыруу===
613 жылы Мухаммед пайгамбар элдерди исламга ачык түрдө чакыра баштаган. [[Мекке|Меккени]] башкарып турган адамдар Мухаммедге кастык менен мамиле кылышып, пайгамбардын абалы коркунучтуу болуп калган. Ошондуктан 622 жылы Мухаммед пайгамбар [[Медина]] шаарына көчүүгө мажбур болгон.

===Мухаммед пайгамбар Мединада===
Медина шаарында жашаган ауса жана жазрадж уруулары ислам динин кабыл алып, Мухаммед пайгамбардын жактоочулары болуп калган. Мухаммед өмүрүнүн акырында толук [[Араб жарым аралы|Араб жарым аралын ]] ээлеп турган [[теократиялык өлкө]] - [[Араб халифаты|Араб халифатын]] түзгөн.

==Исламдын түзүлүшү==
Исламдын ички түзүлүшү ''Ыймандан'' жана ''Динден'' турат. Ыймандын (исламдын чындыгына ишенүү) негизинде 
*Аллахтан башка кудай жок, Мухаммед Аллахтын кулу жана элчиси экенине ишенүү
*Куранга ишенүү 
*Пайгамбарларга ишенүү
*Периштелерге ишенүү
*Кыямат күндүн болооруна ишенуу
*Тагдырга ишенүү
*Өлгөндөн кийин кайра тирилүүгө ишенүү 
жатса, ал эми динде 
*"Аллахтан башка кудай жок, Мухаммед Аллахтын кулу жана элчиси" деген келмеге ишенүү
*Күндө беш ирет намаз окуу, 
*Рамазан айында орозо тутуу, 
*Зекет берүү,
*Ажыга баруу (белгилүү өлчөмдө байлыкка жетсе)
жана башка диний милдеттер белгиленген. 

==Кыргыз эли жана Ислам==
Кыргыз эли да Октябрь төңкөрүшүнө чейин эле Ислам динин туткан. Айрым маалыматтарга караганда Ислам кыргыз арасына болжол менен 12-кылымдын ортосунда тарай баштаган. Бул процесске кийинчерээк кокон хандыгы чоң үлүшүн кошот. Исламдын кыргыз арасына кокондук мусулман миссионерлер (шайык, эшен, кожо, дубана-дэрвиш ж. б.) тартышып, ага биринчи кезекте уруу төбөлдөрүн тартышкан, алардын ичинде Исламдын таасири аздыр-көптүр күчтүүрөк болгон.

==Ислам тууралуу Мухаммед пайгамбардын хадистери==
* «Ислам беш нерсеге негизделген: (Алар): Аллахтан башка Аллах жок жана Мухаммад (сав) Аллахтын Расулу (Элчиси) деп күбөлүк берүү, (Аллахка сыйынып күндө беш убакыт) намаз окуу, (белгилүү өлчөмдө байлыкка жетсе) зекет берүү, (Аллахтын ыйык) үйүнө (Кабатуллага) зыяратка баруу (ажыга баруу) жана Рамазан айында (балагатка жеткен ар бир мусулман аял - эркек бир ай) орозо тутуу».   (Бухари жана Муслимдер тарабынан келтирилген).
* Абу Амранын ал, Абу Суфиян ибн Абдулла деп да айтылат (ра) айтымында: 
Мен айттым: «О Алланын Элчиси! Мага Исламда (ислам тууралуу) бир сөз айтып берчи аны Сенден башкадан сурабайын» (Алланын элчиси) айтты: 
«Аллахка ишенем деп айткының да, түз жүр!»  (Муслимден).
*Зайд бин Талханын (Аллах андан ыраазы болсун) айтуусунда Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллоллоху алайхи ва саллам): «Ар бир диндин өзүнө (гана) таандык мүнөздүк айрымасы болот, ал эми исламдын мүнөздүк айрымасы – жупунулукта»,– деген.  (Моввата, ибн Мажжа жана Байхакы).


==Интернеттеги шилтемелер==
[http://old.islam.kg/?i=hadister Пайгамбарыбыздын хадистери]
[http://old.islam.kg/?i=islamtaanuu Ислам менен таанышуу]

[[Category:Ислам]]