Revision 151161 of "Авиценна" on kywiki[[Файл:Avicenna TajikistanP17-20Somoni-1999 (cropped).png|right|200px|thumbnail]]
{{Философ
| Сүрөт = Avicenna TajikistanP17-20Somoni-1999 (cropped).png
| Сүрөттүн аталышы =
| Толук аты-жөнү = Абу Али Хусейн ибн Абдаллах ибн Сина
| Англис тилинде =
| Төрөлгөн_датасы = 16.8.980
| Төрөлгөн_жери = Афшана, [[Саманийлер мамлекети]]
| Көз жумган_датасы = 18.6.1037
| Көз жумган_жери = Хамадан, Аббасид халифаты
| Доор =
| Аймак = Чыгыш аристотелизми
| Мектеп =
| Кызыккан темалар = медицина, философия, астрономия, химия, геология, логика, поэзия
| Олуттуу идеялары =
| Таасир бергендер =
| Таасир алгандар =
| Колтамгасы =
|Кол тамгасынын туурасы =
|Сайты =
}}
'''Авиценна (Ибн Сина)''' (980—1037) — орто кылымдык эң ири окумуштуу-энциклопедисттердин бири. Ата-теги боюнча [[Тажикстан|тажик]], [[Орто Азия]] менен [[Иран]]дын аймагындагы ар түрдүү шаарларда жашап, Чыгыштын ар түрдүү өкүмдарларынын кол алдында дарыкерлик жана убазирлик кызматтарды өтөгөн.
Көптөгөн эмгектерди жазган, алардын эң башкылары:
* «Шыпаа китеби»,
* «Куткаруу китеби»,
* «Билим китеби»,
* «Нускоо жана насаат китеби» ж.б.
[[Аристотель|Аристотел]] сыяктуу Авиценна билимди теориялык жана практикалык билимдерге бөлөт, алардын мындайча аталышынын себеби алардын предметтери жалаң гана адамдардын иш-аракеттери менен аныкталат. Практикалык илимдерге этика, экономика, саясат таандык кылынат.
Түпкү маңыз (сущность) жана жашоо проблемасын Авиценна [[Неоплатонизм|неоплатонизмдин]] духунда чечет: Авиценна тарабынан Зарылдык маңызы деп аталган теңирлик бытье эманация аркылуу конкреттүү дүйнөнүн бардык көп түрдүү көрүнүштөрүн жаратат. Платондон айырмаланып, ал материяны эманациядан тышкары алып карайт. «Материя дайыма нерселердин жашоосунан мурда жүрөт» [Ибн Сина. Данишнамэ. М., 1957. 171-6.].
Авиценна дүйнөнү Кудайдын жаратканын танат жана дүйнө Кудай менен бирге түбөлүк жашап турат, дүйнөнүн пайда болушу көптөгөн конкреттүү формалардын Кудайдан эманацияланышы менен шартталган, ал түбөлүктүү Бир Кудайдан чагылышып тарап турган чөйрөнүн көрүнүшү деп эсептеген. Бул жерде ал ар түрдүү формадагы монотеисттик креационизмге каршы чыгат.
Авиценна Аристотелдей эле материя менен форманын өз ара катышын жактаган позицияда турган. Материя менен форма өз алдынча жашай алышпайт, алар өз ара тыкыс байланышкан.
Орто кылымдык схоластикадагы негизги проблемалардын бири болгон универсалий проблемасын чечүүдө Авиценна материя менен форманын аристотелдик өз ара катышын жетекчиликке алып, универсалийлер нерселерде да, адамдын акыл-эсимде да жашайт жана адамдын акыл-эси универсалийлерди нерселерден чыгарып алып турат, а түгүл аларды нерселерге чейин да жапа нерселерден кийин да чыгарын алып турат деп эсептейт.
Авиценна дүйнөнү таануу мүмкүнчүлүгүнөн шек санаган эмес, ал мында [[Логика|логикага]] зор маани берген жана аны ар кандай илимге киришүү негизи катарында караган.
Кудайдын ишмерлиги логиканын мыйзамы боюнча ишке ашат, демек бул ишмерлик интеллектуалдуу мүнөзгө ээ. Ошондой болсо да Кудай ал ишмердигинде кандайдыр бир максатты жетекчиликке алган эмес, бул болсо дүйнөнүн өнүшү (раталисттик мүнөзгө ээ эмес дегенди билдирет.
[[Психология]] маселесинде Авиценна Аристотелди жолдоп, өсүмдүктөрдүн жанын, жаныбарлардын жанын жана акыл-эстүү жанды айырмалайт. Адам жанын ал өзгөчө бөлүп карайт жана анын өлбөстүгүн танбайт. Бирок ал муну түздөн түз маанисинде эмес, философиялык маанисинде түшүнөт жапа метемпсихозду — жандын бир денеден экинчи бир денеге көчүп жүрүшүн танат.
== Маалымат булактары ==
[http://bizdin.kg/books/item/178-philosofy ''Блинников Л.В.'' Философтордун кыскача сөздүгү. - Б.: 1997, ISBN 5-900162-16-8]
[[Категория:Философия]]
[[Категория:Инсандар]]
[[Категория:Адамдар]]
[[Категория:Таажы-2012]]
[[pms:Avicënna]]All content in the above text box is licensed under the Creative Commons Attribution-ShareAlike license Version 4 and was originally sourced from https://ky.wikipedia.org/w/index.php?oldid=151161.
![]() ![]() This site is not affiliated with or endorsed in any way by the Wikimedia Foundation or any of its affiliates. In fact, we fucking despise them.
|