Revision 185349 of "Физкультура" on kywiki

[[Файл:Bundesarchiv B 145 Bild-P049552, Berlin, Skiübungen in der Halle, Skiaufstellen.jpg|thumb|right|300px|[[Берлин]] шаары]]
'''Физкультура''' (дене тарбия) — эмгекчилерди коммунисттик тарбиялоо, ден соолукту чыңдоо, эмгекке жана Мекенди коргоо үчүн даярдоо каражаттарынын бири. <br />
== Процедуралар жана балдар тууралуу ==
Физкультуранын негизин атайын тандалган көнүгүүлөр комплекси, спорт, туризм жана дене чыңдоочу процедуралар түзөт.<br />
Дене тарбияны үзбөй жасоо балдар үчүн өтө маанилүү, аны бала ымыркай кезинен эле баштоо керек ([[Эмчектеги бала]]). Балдарды физкультура жасоого шыктандыруунун чыныгы жана туура жолу — ата-эненин үлгү көрсөтүшү. Азыр үй-бүлө командаларынын мелдеши (мисалы, «атам, энем жана мен») кулач жаюуда. Мындай мелдештин программасы өтө жөнөкөй: жарышуу, турникке тартылуу, граната ыргытуу, эстафета. Мектепке чейинки жана мектеп жашындагы кенже балдар үчүн ар түркүн кыймылдуу оюндар пайдалуу. Спорттук топ оюнунан тышкары майда балдар жасай ала турган кыймылдуу оюндар бар. Оюнда ким кыйын, ким күлүк, ким жазбай атар сыяктуу атаандашуу мелдеши болууга тийиш. Бала оюнду кандай ойносо, кийин чоңойгондо ишке да ошондой мамиледе болорун ата-эне эсте тутуулары тийиш. Физкультуралык көнүгүүлөрдү аткаруу жана спорт менен машыгуу балдардын ден соолугун чыңдайт, алардын туура жетилишине өбөлгө болот. Эгерде акыл эмгеги физкультуралык көнүгүүлөр менен коштолбосо балдардын ден соолугу начарлап кетиши ыктымал. Физкультура жана спорт менен үзбөй машыгуу жаратылыштын терс факторлоруна көрсөткөн каршылыгын жогорулатат жана түрдүү инфекциялык оорулардан сактайт.

== Эрежелери ==
Физкультуралык көнүгүүлөрдү өз алдынча аткарууда негизги эрежелердин бири — белгилүү гана булчуңга эмес, бардык булчуңга оордук келтирүү. Өтө оор көнүгүү аткарууда адам өз ал-абалына көңүл буруусу керек. Көнүгүү белгилүү темпте жана күч менен аткарылып, машыгуудан кийин кан тамыр минутасына кеминде 130 жолу кагууга тийиш. Анын кагуусу андан аз болсо жакшы натыйжа бербейт. Ал 170тен ашып кетсе машыгууну улантууга болбойт. Дени соо, жаш адамдарга жумасына бир жолу ушундай машыгууга болот. Жалпы күч келтирүү адамдын ишке жарамдуулугуна терс таасир тийгизбөөсү жана чарчатпоосу керек. Тескерисинче, көнүгүп жүргөн адам өзүн сергек сезип, ишке ынтызар болуп турууга тийиш.
== Дарылоо максатта ==
Физкультура дарылоо максатында ооруканаларда, санаторийлерде, курорттордо да кеңири колдонулат. Өзгөчө таяныч кыймыл аппаратынын, жүрөктүн, кан тамыр, [[Дем алуу системасынын оорулары жана аларды алдын алуу|дем алуу системаларынын ооруларын]], зат алмашууну жакшыртат, хирургиялык операциядан кийин оорулуунун тезирээк айыгып кетишине жардам берет.
== Колдонулган адабият ==
Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8

[[Категория:Медицина]]
[[Категория:Ден соолук]]
[[Категория:Дарыгерлик]]
[[Категория:Спорт]]