Revision 190859 of "Испидбулан шаар чалдыбары" on kywiki{{delete|1=Бот: Deletion категориясындагы баардык барактарды өчүрүү}}
{{delete}}
Сафедбулон– орто кылымга таандык шаар калдыгы. Фергана өрөөнүнүн түндук-чыгыш бөлүгүндө, Алабука районундагы Сафедбулон (Гүлстан) кыштагынын жанында жайгашкан. «Испид-Булан» деген аталыш менен арабдардын Фергананы басып алгандыгы жонундө Жемал Каршинин (13-к.), ошондой эле Фергана калкын мусулмандаштыруу жонундө жергиликтүү көрүстөндөрдөн табылган таштардын (кайрак) бетиндеги 12–15-кылымдарга
таандык жазууларда эскерилет. 16-кылымдан Сафедбулон аталат. Сафедбулон булактарда, эл оозунда жана санжыралардагы маалыматтар боюнча арабдар келген кезде,алар менен согушкан жергиликтүү бийлик
ээлерине каршы арабдарга жардам берип жүргөн касандык кыз катары эскерилет да,анын бейитинин үстүнө курулган күмбөз курулгандан кийин ошол жер, кийинчерээк анын жанындагы кыштак да Сафедбулон
аталып калган. 10–12-к-да Сафедбулондун күмбөзүнүн жанына ушул чөлкөмдө курман болгон араб полководецтеринин бири Шах Фазилдин күмбөзү тургузулган.Бул мавзолей Гүлстан кыш-нын чыгыш тарабындагы дөңсөөдө жайгашкан. Сафед-булондун бейити ушул мавзолейдин короосунун түндук-батыш тарабынан орун алган.Жергиликтүү элге Испидбулан сопу шайыктардын табынуучу жайы катары гана эмес, Аксы чөлкөмүндөгү чоң мазар катары белгилүү. Кезегинде бул мазарда олуттуу саясий окуялар болуп өткөн. Мисалы,1842-ж. ушул жерде Кокон ханы Шералы миң башы Нүзүп Эсенбай уулунун жардамы менен ак кийизге салынып хан көтөрүлсө,1873-ж. жаз айларында Кокон хандыгынын акыркы ханы Искак Асан уулу Полот хан деген ат менен хан көтөрүлгөн.
Колдонулган адабият: Кыргыз улуттук энциклопедиясыAll content in the above text box is licensed under the Creative Commons Attribution-ShareAlike license Version 4 and was originally sourced from https://ky.wikipedia.org/w/index.php?oldid=190859.
![]() ![]() This site is not affiliated with or endorsed in any way by the Wikimedia Foundation or any of its affiliates. In fact, we fucking despise them.
|