Revision 372729 of "Япония" on kywiki

{{Мамлекет
 |Кыргызча аталышы          = Жапония
 |Мамлекеттик аты           = 日本
 |Илик жөндөмө              = Япониянын
 |Герб                      = Japanese Imperial Seal.svg
 |Желек                     = Flag of Japan.svg
 |Девиз                     = 
 |Гимн аты                  = Кими га йо
 |Аудио                     = Kimi ga Yo instrumental.ogg
 |Эгемендүүлүк күнү         = 
<!-- |Кимден= -->
 |Дүйнөдөгү Орду            = Japan (orthographic projection).svg
 |Тил                       = [[Жапон тили]]
 |Башкалаа                  = [[Токио]]
 |Башкаруу формасы          = [[Конституциялык монархия]]
 |Эң ири шаарлар            = [[Токио]], [[Йокогама]], [[Осака]]
 |Башчыларынын милдеттери   = [[Япония императору|Император]]<br />[[Япониянын премьер-министрлери|Премьер-министр]]
 |Башчылары                 = [[Нарухито]]<br />[[Шинзо Абе]]
 |Аянт боюнча орун          = 61
 |Аянт                      = 377 944<ref>{{cite web|datepublished=2008|url=http://www.stat.go.jp/english/data/handbook/c01cont.htm|title=Statistical Handbook of Japan. Land and Climate|lang=en|publisher=Япон статистика бюросу|accessdate=2010-01-20|archiveurl=http://www.webcitation.org/616oXymRf|archivedate=2011-08-21}}</ref>
 |Суу аянты                 = 0,8
 |Калкынын саны боюнча орун = 10
 |Калк                      = 126 400 000
 |Каттоо жылы               = 2011
 |Калкынын жыштыгы          = 334,5
 |ИДП                       = 4395 млрд.
 |ИДП эсептөө жылы          = 2010
 |ИДП боюнча орун           = 4
 |Жан башына ИДП            = 34.611
 |Акча бирдиги              = [[Жапон йенасы]]
 |Домен                     = [[.jp]]
 |Телефон коду              = 81
 |Убакыт алкагы             = +9
 }}

'''Жапония''' ([[япон тили|жапончо]] '''日本 Нихон''', '''Ниппон'''), расмий аталышы '''"Нихон коку"''', '''"Ниппон коку"'''(жап. '''日本国''') - Түндүк-чыгыш [[Азия|Азиядагы]] арал өлкө. Тынчтык мухитинде жайгашкан.

Жапония — Жапон аралдар тобундагы (архипелаг) 6852 аралда жайгашкан. Эң чоң төрт арал - [[Хонсю]], [[Хоккайдо]], [[Кюшу]] жана [[Шикоку]] - аралдар тобунун 97% түзөт. Көбүнчө аралдар тоолуу жана [[вулкан|жарылтоолуу]] (вулканду). Жапониянын эң бийик чокусу [[Фуджи тоосу]] - жарылтоо. 126 миллионго чукулдаган калкы менен Япония дүйнөдө 10-орундун ээси. Аянты боюнча 62-орунда (377,873 миң чарчы чакырым). [[Чоң Токио|Чоң Токионун]] ичинде [[Токио]] ордо калаасы жана тегерегидеги конуштар (префектура) кириши, аны (Чоң Токиону) 30 миллиондон ашкан калкы менен дүйнөдөгү эң ири шаарчасы наамына жеткизет. Токионун өзү 47 префектурага бөлүнөт. Япония бир улутту эл. Калктын 99,4% - япондор. Мындан тышкары кытайлар, корейлер, америкалыктар бар. Расмий тили - япон тили. Негизги диндери - [[шинто]] жана [[будда]] диндери.

[[ИДП]] (Ички Дүң Продуксион) боюнча Япония дүйнөдө экинчи орунда. [[Экспорт|Экспорттун]] көлөмү боюнча төртүнчү, [[импорт|импорттун]] көлөмү боюнча бешинчи орунда. Бүгүнкү күндө үнөмдүк (экономикалык) кубаты боюнча 2-орунда.

Мамлекеттин башкаруу системасы - [[Конституциалык Монархия]], мамлекет башчысы [[Император]], өкмөт башчысы премьер-министр. 1947-жылы кабыл алыннан конституция боюнча император — “''мамлекет менен калк биримдигинин белгиси''”. Ал парламенттин сунушу боюнча өкмөт башчыны дайындайт жана өкмөт башчынын сунушу менен өкмөт мүчөлөрүн, Жогорку соттун төрагасы менен мүчөлөрүн дайындайт же кызмат ордунан чечет. Баш мыйзам боюнча, мамлекет иштерге толугу менен өкмөт башчысы башкарган өкмөт жооп берет.

Япония - өнүккөн өлкө болгондон соң жашоо деңгээли да өтө жогору.

Жогорку мыйзам чыгаруучу орган парламент — эки палатадан (өкүлдөр палатасы жана кеңешчилер палатасынан) турат. Улуттук маарекеси Үчтүн айынын 23 (декабрь) (император [[Акихито|Акихитонун туулган]] күнү). Акча белгиси — [[иен]].

== Табийгаты ==
== Географиясы ==
[[File:Japan-CIA_WFB_Map.png|thumb|Япония.]]
=== Япония шаарлары ===

Япония калкынын бештен төрт бөлүгү шаарларда жашайт. Япониянын ичкерирек аймактарында, тоолуу аймактары менен автоунаа магистралдары боюнан будда ибадатканаларын, ошондой эле көлмөлөрү менен кооз таш кондургулары бар чакан саябактарды, чарбалардын саман менен жабылган чочогой төбө эски үйлөрүн көрүүгө болот.
==== Япониянын эң ири шаарлары ====

* [[Токио]]
* [[Иокогама]]
* [[Осака]]
* [[Нагоя]]
* [[Саппоро]]
* [[Кобе]]
* [[Киото]]
* [[Фукуока]]
* [[Кавасаки]]
* [[Сайтама]]

== Япондордун салттары ==
Японияда бизди замандын биринчи мин жылдыктын аягында адабият онуугусу башталган. Азыркы убакка чейин биздин замандын экинчи мин жылдыктан тарта жасалган живопистик эстеликтер жана аритектуралар сакталып калган. Япониянын онугуу жолунда кытайлардын салымы чон. ХХ кылымда япониянын  Аниме менен Манго  дуйнолук масштабды багындырып келди.

Япондуктардын салты боюнча кара тус бул - урматтын, улуулуктун, тажрыйбалуулукту билдирет. Устаттыктын бийик даражасын да маанилейт. Коптогон куроштук искусствосунда кара кур эн жогорку болуп эсептелинет.
== Адабияты ==
== Өнөрү ==
==Маданияты==
Япон калкынын сансыз кылымдардан берки негизги кесипчилиги — күрүч өндүрүү.

Япониядагы бул чарбалык-маданий тип биздин заманга чейинки мезгилдеги яёи маданиятынын тушунда калыптанган. Японияда жашылчалар жана ошондой эле дан эгиндери эгилет. Салттуу айыл чарбасындагы көпчүлүк жумуштар кол менен иштетилет. Маселен, жээктерди отоо, күрүчтүн көчөттөрүн отургузуу өңдүү эмгекти өтө көп талап кылуучу жумуштар. Күрүчтүн көчөттөрү май—июнь айларынын салкын күндөрүндө суу каптаган талаада узата керилген жипти бойлото бипбирдей аралыкта отургузулат. Ал эми дөбөнүн капталындагы тар террасалуу талаалардагы жээктер тегерете иймейип тургандыктан, аларга күрүч отургузуу андан бетер түйшүктүү жумуш. Жер иштетүүгө чейинки эң байыркы чарбалык маданий тип болгон балык уулоочулук жана жыйноочулук өлкөнүн жээктик аймак - тарында сакталып калган. Балык уулоо менен кесиптенген дыйкандар эзелтен бери эле жакыр жашашат. Балык уулоо технологиясынын өнүгүп, ачык деңиз флоту маанилүү роль ойной баштагандан тартып алардын жашоо-тиричилиги ого бетер оордоду. Жээктик аймактарда, балык уулоодон тышкары, андан башка деңиз азыктарын — балыр өсүмдүктөрүн, деңиз кирпилерин, ар түрдүү үлүлдөрдү, [[кальмар|кальмарларды]], [[осьминог|осьминогдорду]], моллюсктарды чогултуу жана кармоо чоң роль ойнойт. Бул деңиз азыктары тамак-аш жасоого колдонулат жана жогору бааланат.

[[Климат|Климаттык]] шартынын ар түрдүүлүгүнө карабастан, япондордун салттуу турак жайынын негизги тиби өлкөнүн баардык аймагында негизинен окшош келет. Ал эми айрым бир тоолук жана аралдык [[этнография|этнографиялык]] топтордун башкача түзүлүштөгү турак жайлары бүгүнкү күндө жергиликтүү тарыхый эстелик катары колдонулуп калган. Көп кабаттуу заманбап курулуштардын жасалгаларында салттуу белгилер сакталган. Ал салттуу белгилерде япондордун этногенезинин, алардын маданиятынын генезисинин компоненттери чагылдырылган.

== Колдонулган адабияттар ==
* Дүйнө тарыхы, 2007-ж, Бишкек
* А.Б. Элебесова, Ө.Ж. Осмонов. Жооптуу редактор: Т. Рыскул ов

== Шилтемелер ==
<references/>

{{Азия өлкөлөрү}}
[[Категория:Жапония| ]]