Revision 377521 of "Сары-Челек (көл)" on kywiki{{Көлдөр
| барактын аталышы = Сары-Челек
| сүрөтү = Сары-Челек.jpg
| сүрөттүн тексти =
| жайгашкан жери =
| координаттары = {{coord|41|54|N|71|57|E|type:waterbody_region:KG|display=inline,title}}
| түрү = Тоо көлдөрү
| куймалары =
| агып чыккан дарыялар = Кожо-Ата
| суу топтоо аянты =
| суу куйган өлкөлөр =
| узундугу = 7.5
| жазысы = 2.280
| аянты = 4.92
| тереңдиги = 98
| эң терең жери = 234
| көлөмү = 78.2
| жээгинин узундугу =
| бийиктиги = 1873
| аралдар =
| шаарлар =
}}
'''Сары-Челек''' — [[Тоскоол]], [[Тоскоол-Ата|Тоскоол-Ата]], [[Чаткал]] тоо кыркасында [[Ат-Ойнок кырка тоосу|Ат-Ойнок тоо кыркасында]] такалган жерде [[Кожо-Ата дарыясы|Кожо-Ата]], суусунун алабында жайгашкан көл. [[Аксы району|Аксы районунун]] аймагында. Деңиз деңгээлинен 1873 м бийиктикте. Узундугу 7,5 км, орточо жазылыгы 650 м (эң жазы жери 2280 м), кууш жери 300 м. Аянты 4,92 км<sup>2</sup>. Орточо тереңдиги 98 м (эң терең жери 234 м). Тереңдиги боюнча [[Кыргызстан|Кыргызстанда]] 2–орунда([[Ысык-Көл|Ысык-Көлдөн]] кийин). Жээги көбүнчө тик, жардуу,булуң-буйткалуу. Суунун тунуктугу 16 м. [[Сары-Челек]] жер титирегенде эбегейсиз зор көчкү өрөөндүн таманын бөгөп калышынан пайда болгон. Ошондуктан көлдүн формасы тоо өрөөнүнүн формасын кайталап узатасынан жатат. Көлгө [[Сары-Челек]] суусу куюп (чыгымы жайында 1–3 м<sup>3</sup>/сек, кышында 0,6 м<sup>3</sup>/сек),андан Тоскоол суусу(Кожата суусунун куймасы)агып чыгат(чыгымы жайында 3–4 м3/сек). Көл түбүндөгү тектон жаракалардан булактар чыгат. Эң жогорку деңгээли майдын аягында, эң төмөнкүсү декабрда байкалат да, экөөнүн айырмасы 40–50 смден ашпайт.</br>
[[Файл:Сары-Челек5.jpg|300 px|left]]
'''Сары-Челек''' <br/>
Кириш-чыгыш балансынын көлөмү 2 млн м<sup>3</sup>. Эң жогорку температурасы(19,8°С) августтун аягында, эң төмөнкүсү(0 °С) февралда байкалат. Түбүнөн кошулган жер астындагы суулардын температурасы 5°Сден төмөн түшпөйт. Суусунун үстүнкү бетинен түбүнө карай минералдык туздардын көбөйүшү (200 мг/л-ден 500 мг/л-ге чейин)мүнөздүү. Негизги аниондору: СОз, SО4, катиондору: Са, Мg;
100 м тереңдиктен кийин күкүрттүү суутектин (Н2S)сасык жыты байкалат. Бир литр суудагы минералдуу калдыктардын орточо өлчөмү 280 мг. Көлдү курчаган тоо капталдары палеозойдун акиташ, сланец жана башка чөкмө тектеринен турат. Тоо капталдарында карагай, арча, жаңгак, көк карагай өсөт. Бийик бөлүгүн шалбаа, нивалдык ландшафттар ээлейт.
Көлгө бакма каңылтыр жана ондатра коё берилген. Келгин куштар көп. Аймактын кооздугун, табигый шартынын ар түрдүүлүгүн, байлыгын, дүйнөнүн башка жеринде болбогон өсүмдүктөрдүн, айбанаттардын, алардын чарбалык жана илимий жактан баалуулугун эске алып, бул аймактын табиятын мындан ары сактоо үчүн 1959-ж. [[Сары-Челек|Сары-Челек биосфера коругу]] уюшулган. [[Туризм]] өнүккөн.
<gallery>
Файл:Сары-Челек2.jpg
Файл:Сары-Челек3.jpg
Файл:Сары-Челек4.jpg
Файл:Сары-Челек8.jpg
</gallery>
== Колдонулган адабияттар ==
* {{URL|http://www.bizdin.kg/books/item/97-kg_geo|Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энцклопедия борбору. Бишкек-2004}} ISBN 9967-14-006-2 <br>
== Интернеттеги шилтемелер ==
* http://www.kyrgyz-guide.com/ru/index.php?option=com_phocagallery&view=category&id=6:-&Itemid=62{{Жеткиликсиз шилтеме|date=August 2021 |bot=InternetArchiveBot |fix-attempted=yes }}
* http://www.svali.ru/show_picture.php?cntr=48&type=2&id=12&cd=1
[[Категория:Кыргызстандын көлдөрү]]
[[Категория:Жалал-Абад облусу]]
[[Категория:Тумар-2011]]All content in the above text box is licensed under the Creative Commons Attribution-ShareAlike license Version 4 and was originally sourced from https://ky.wikipedia.org/w/index.php?oldid=377521.
![]() ![]() This site is not affiliated with or endorsed in any way by the Wikimedia Foundation or any of its affiliates. In fact, we fucking despise them.
|