Revision 377630 of "Сот адилеттигине болгон мүмкүнчүлүк" on kywiki

'''Сот адилеттигине болгон мүмкүнчүлүк''' – ар бир адамдын соттун адилеттүү териштирилишине жана соттук коргоого болгон укугунун жүзөгө ашырылышына кепилдик берген жалпыга таанылган укуктук принцип. Тактап айтканда, [[Адам укуктары|адамдын укуктары]] жана мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулса укуктук коргоо каражаттарын издеп жана алууга, ошондой эле эч кандай тоскоолдуктарсыз соттук коргоого алынуу мүмкүнчүлүгү.

Аялдардын сот адилеттигине болгон мүмкүнчүлүгүнүн укуктук базасын мыйзам чыгаруу деңгээлинде кабыл алынган ченемдер түзөт: КРнын Конституциясында эркектер менен аялдардын бирдей укуктары менен эркиндиктери, аларды жүзөгө ашыруу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрү бекитилген<ref>Connell R.W. Gender and Power. Society, the Person and Sexual Politics. Cambridge: Polity Press, 1987. Р. 91–119. – See more at: http://www.nlobooks.ru/node/2278#sthash.xQHEb0Ji.dpuf {{Webarchive|url=https://web.archive.org/web/20160714180722/http://nlobooks.ru/node/2278#sthash.xQHEb0Ji.dpuf |date=2016-07-14 }}</ref>; 1997-жылы Кыргызстандын БУУнун аялдарды басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө конвенциясына кошулуусу; КРнын "Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык-укуктук жактан коргоо жөнүндө" мыйзамы<ref>2010-жылдын 27-июнундагы [[Кыргыз Республикасынын Конституциясы|КРнын Конституциясы]].</ref>; КРнын «Эркектер менен аялдардын бирдей укуктары менен бирдей мүмкүнчүлүктөрүнө берилген мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө» мыйзамы<ref>2003-жылдын 25-мартындагы Кыргыз Республикасынын №62 "Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо жөнүндө" мыйзамы</ref>  ж.б. Мамлекет кабыл алган милдеттенмелерди аткарууда эң негизги маселе - аларды иш жүзүндө жүзөгө ашырып, аялдарды сот адилеттигине болгон мүмкүнчүлүк менен камсыз кылуу.

== Аялдардын сот адилеттигине болгон мүмкүнчүлүгүнө тоскоол болгон факторлор ==

Бүгүнкү күнү үй-бүлөдөгү зомбулук, көп аял алгандык, сексуалдык зордук-зомбулук, эрте турмушка чыгуу, ошондой эле кыз ала качуу сыяктуу жосундар көбөйгөндөн көбөйүүдө. Тилекке каршы, жабырланган кыз-келиндердин айрымдары гана укук коргоо органдарынан жардам сурап кайрылышат. Аялдардын жардам сурап кайрылбагандыгы - алардын сот адилеттигине болгон мүмкүнчүлүгүнүн чектелгендигинен кабар берет. Мындай абал аялдардын экономикалык жактан башкаларга көзкарандылыгы жана укуктук сабаттуулугунун төмөн болгондугу менен шартталат. Мындан тышкары, [[Коом|коомдо]] үй-бүлөдөгү чыр-чатактар үйдө гана чечилип, сыртка чыкпашы керек деген элдин аң-сезиминде терең орноп калган түшүнүк бар. Так ушул улуттук маданий стереотип үй-бүлөсүндө такай зомбулукка дуушар болгон аялдар үчүн өз укуктарын сотто коргоодо олуттуу тоскоолдук жаратып келет.

[[Сот адилеттиги|Сот адилеттигине]] болгон мүмкүнчүлүгү чектелген топко айыл жергесинде жашаган кыз-келиндер кирет. Кыргызстанда жүргүзүлгөн медициналык-демографиялык изилдөө ишинин жыйынтыктарына ылайык, Кыргызстандын айыл жергелеринде зомбулукка кабылып, бирок эч качан жардам сурап кайрылбаган аялдардын көпчүлүгүн 15 жаштан 19 жашка чейинкилер түзөт. Эң кызыгы, шаардык аялдарга караганда элет аялдары жардам сурап көп кайрылышпайт. Адатта, айыл жергесинде майда-барат укуктук маселелерди аксакалдар соттору чечишет. Аксакалдар соттору 1995-жылы КРнын Президентинин жарлыгы менен институтташтырылган; "Аксакалдар соттору жөнүндө" КРнын мыйзамы 2002-жылы кабыл алынган. Аксакалдар сотторунда иштер акысыз каралат. Учурда Кыргызстандын алыскы айылдарында бул бирден-бир мүмкүн болгон институт. Бирок зомбулукка дуушар болушкан аялдар аксакалдар сотторуна караганда кризистик борборлорго кайрылууну оң көрүшөт. Жабырланган кыз-келиндер эч кимден жардам сурабагандыктан, мындай жосундар билинбей калып, ал эми күнөөлүү адамдар жасаган ишинин жазасын тартпай ээн-эркин басып жүрүшөт. [[Зомбулук|Зомбулукка]] кабылган аялдардын баары укуктук жардам сурап кайрыла алышат, бирок иш жүзүндө ар бир эле аялдын өзүнүн укуктарын коргоого же жогоруда айтылган тоскоолдуктардан улам укуктук коргоо каражаттарын пайдаланууга мүмкүнчүлүгү боло бербейт.

== Аялдардын укуктарын коргоо механизмдери жана сот адилеттигине болгон мүмкүнчүлүк ==

[[КР|КРнын]] "Мамлекет кепилдендирген юридикалык жардам жөнүндө" мыйзамга ылайык<ref>2008-жылдын 4-августундагы КРнын "Эркектер менен аялдардын бирдей укуктары менен бирдей мүмкүнчүлүктөрүнө берилген мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" №184 мыйзамы.</ref> , өлкөдө акысыз юридикалык жардам көрсөтүү чаралары белгиленген. Бирок мындай жардам жазык иштеринде жана белгилүү бир адамдарга гана көрсөтүлөт. Кыргызстанда жарандык, жер маселелери боюнча жана административдик иштерге акысыз же арзан юридикалык жардам көрсөтүү чарасы мыйзам чегинде регламенттештирилген эмес.

2000-жылдардын орто ченинен баштап, [[Кыргызстан|Кыргызстандын]] калкынын аярлуу катмарларына юридикалык жактан жардам көрсөтүү максатында социалдык адвокаттар институттарын өнүктүрүү идеясы илгерилетилүүдө. 2015-жылдан баштап республиканын дубандарындагы, ошондой эле [[Бишкек]] жана [[Ош (шаар)|Ош]] шаарларындагы юстиция башкармалыктарында жардамга муктаж болгондордун баарына акысыз юридикалык консультацияларды берген борборлор түзүлө баштаган.

Акыркы он жылдыкта зордук-зомбулукка дуушар болушкан аялдардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо боюнча ар кандай донордук долбоорлордун жана мамлекеттик социалдык буйрутмалардын алкагында, аялдардын [[Сот адилеттиги|сот адилеттигине]] болгон мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга көмөктөшкөн Кыргызстандын жарандык тармагы да бул ишке жигердүү катыша баштады. Бул багытта аялдардын бирикмелери, кризистик борборлор жана укук коргоочу уюмдар жигердүү иш алып барышууда. Айрыкча, алардын жардамы менен [[Аксакалдар соту|аксакалдар сотторунун]] курамына аялдарды да киргизүү иш-чаралары көрүлүүдө, себеби аксакалдар сотунун курамындагы аялдар жер-жерлерде аялдардын укуктары бузулган же чектелген маселелерди калыс караштырганга жардам бере алышат. Бирок укуктук жактан акысыз жардам көрсөтүшкөн коомдук уюмдар белгилүү бир адистикти аркалашып, аялдардын укуктарынын бузулушуна байланыштуу көйгөйлөрдүн баарын караштыра алышпайт.

== Эскертмелер ==
{{эскертүүлөр}}

== Колдонулган маалымат булактарынын тизмеси ==
*1.	2009-жылдын 17-июлундагы "Мамлекет кепилдендирген юридикалык жардам жөнүндө" КРнын №227 мыйзамы.
*2.	2003-жылдын 25-мартындагы "Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын №62 мыйзамы
*3.	2002-жылдын 5-июлундагы "Аксакалдар соттору жөнүндө" КРнын №113 мыйзамы.
*4.	2008-жылдын 4-августундагы КРнын "Эркектер менен аялдардын бирдей укуктары менен бирдей мүмкүнчүлүктөрүнө берилген мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө" №184 мыйзамы.

[[Категория:Кыргызстандын гендердик энциклопедиясы]]
[[Категория:Пекин +20]]