Revision 379960 of "«155» улуттук кампаниясы" on kywiki'''«155» улуттук кампаниясы''' – жазык мыйзамдарына сунуштарды киргизүү, кыздарды ала качкан күнөөкөрлөрдүн үстүнөн жүргүзүлгөн [[сот]] процесстерине колдоо көрсөтүү, кеңири маалыматтык кампанияларды өткөрүү аркылуу [[Кыргызстан|Кыргызстандагы]] аялдарды [[ала качуу]] жосундарын түп-тамырынан [[Жоюу|жоюуну]] көздөгөн аялдардын кыймылынын активисттеринин [[Жарандык демилгелер|жарандык демилгеси]]. "155" кампаниясы жарандык тармактын өкүлдөрүн, ушул маселеге кайдыгер карабаган республиканын бардык чөлкөмдөрүндөгү жарандардын башын бириктирди. [[КР|КРнын]] Конституциясынын 6-беренесине ылайык «бир дагы нике никеге туруучу адамдардын ыктыярдуу, эки тараптуу макулдугусуз түзүлбөөгө тийиш».
2009-жылдын ноябрь айындагы миссиясында [[БУУ|БУУнун]] атайын докладчысы Рашида Манджу айым аялдарга [[Зомбулук|зомбулук]] көрсөтүү, анын себептери жана кедергилери маселесине арналган докладында [[Кыргызстан|Кыргызстанда]] [[кыз ала качуу]] жана [[Нике|никеге]] турууга мажбурлоо жосундары үчүн [[Жаза|жазаны]] күчөтүү керек деген сунушу менен бөлүшүп өттү.

Аялдарга жардам берүү борборунун берген маалыматы боюнча (www.wsc.kg) 2009-жылы гана Кыргызстанда 11,8 миңден ашуун кыз ала качылып, 2 миңден ашуун кыз [[Зордуктоо|зордуктоого]] дуушар болгон. Жазык иштери өтө сейрек учурларда гана козголуп (700 окуянын бирөөсү боюнча гана), сот өкүмү андан да сейрек учурларда чыгарылат (1,5 миң кыз ала качууга бир гана өкүм)<ref>Аялдар дуушар болгон зомбулукту жоюу боюнча комитеттин 2004-жылдын 30-январында билдирген ой-жорумдары /CEDAW/C/2004/I/CPR.3/Add.1/Rev.1. Маалымат булагы: http://www.wsc.kg/34{{Жеткиликсиз шилтеме|date=August 2021 |bot=InternetArchiveBot |fix-attempted=yes }}</ref>.

КРнын [[Жазык кодекси|Жазык кодексинде]] 16 жашка чыга элек адамды никеге турууга мажбурлоо, ошондой эле аялды никеге турууга мажбурлоо үчүн жазык жоопкерчилиги каралган (КРнын ЖКнин 154-беренесинин 20-гл). 2013-жылдын январында жазык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизгенге чейин 155-берене боюнча кыз ала качуу үчүн 100 баштап 200 эсептик көрсөткүчтөргө чейин [[Жазапул|жазапул]] же үч жылга чейин [[Эркиндикти чектөө|эркиндигин чектөө]] каралган. Мындай жаза кыз ала качуу жосундарынын алдын ала алган жок. [[КР|КРнын]] [[Жогорку Кеңеш|ЖКнин]] 165-беренесинин 1-бөлүгүндө мал уурдагандыгы үчүн 3 жылга эркинен ажыратуу жазасы каралган<ref>Bride kidnapping in Kyrgyzstan [Электрондук ресурс]: URL: http://edition.cnn.com/.../vice-bride-kidnapping/ </ref>.

Жогоруда келтирилген фактылардан улам, кыздарды ала качуу жосундары үчүн жазаны күчөтүү боюнча эдвокаси кампаниясын өткөрүү максатында жалпы [[Жарандык коом|жарандык коомдун]] күч-аракетин бириктирүү зарылчылыгы келип чыкты. Кампания [[Каракол шаары|Каракол шаарында]] [["Быйылкы жазда АЛАР жок" жарандык акциясы|"Быйылкы жазда АЛАР жок" жарандык акциясынан]] башталган. Аталган акция ала качылгандан кийин өз жанын кыйышкан кыздардын жаркын элесине арналган. [[Ысык-Көл облусу|Ысык-Көл дубанында]] эки студент кыздын [[Өлүм|өлүмү]] [[Коом|коомдун]] ичинде олуттуу тынчсызданууну жаратты. Алардын өлүмүнөн кийин активисттер, жаштар, бир катар бейөкмөт уюмдар, мамлекеттик бийлик органдарынын кызматкерлери жана атка минерлер кыз ала качууга каршылыгын билдиришип аталган акцияда катышышты.

Караколдо өткөн акция коомду жандандырып, бүткүл өлкө боюнча [[Жарандык коом|жарандык коомдун]] уюмдары мобилизацияланды. Бишкек шаарында Аялдарга жардам берүү борбору кыз ала качууга каршы чара көрүү боюнча улуттук эдвокаси кампаниясын иштеп чыгуу үчүн жумушчу жолугушуу өткөрүү демилгесин көтөрүп, уюштурду. Жыйынтыгында, Кыз ала качууга каршы чара көрүү иш-аракеттер планын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлдү.

[[Жогорку Кеңеш|Жогорку Кеңештин]] [[Депутат|депутаты]] А.Алтыбаева тарабынан КРнын ЖКнин 154- жана 155-беренелерине жазык мыйзамдарындагы басмырлоочу ченемдерди жоё турган өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоору демилгеленди. Бул өзгөртүүлөр кыз ала качуу үчүн каралган жазалоо чараларын бир кыйла күчөтөт. Алсак, КРнын ЖКнин 154-беренесинин 2-бөлүгүндө он жети жашка чыга элек кызды мажбурлап [[Нике|никеге]] тургузуу максатында уурдагандыгы үчүн беш жылдан он жылга чейин эркинен ажыратуу жазасын белгилөө, ал эми КРнын ЖАКнин 155-беренесинде - аялды эркине каршы никеге тургузуу максатында уурдагандыгы үчүн беш жылдан жети жылга чейин<ref>Кызга караганда мал барктуураакпы? Же Кыргызстанда кыздарды кантип ала качышат [Электрондук ресурс]: URL: http://www.polit.kg/newskg/479 {{Webarchive|url=https://web.archive.org/web/20170410084131/http://www.polit.kg/newskg/479 |date=2017-04-10 }} (Кайрылган күн: 20.12.15.</ref> эркинен ажыратуу жазасын белгилөө сунушталды.

Аталган долбоордун максаты - учурдагы басмырлоочу ченемдерди жоюп, жазык мыйзамдарын КРнын Конституциясы менен ылайыкташтыруу, [[Гендердик теңчилик|гендердик теңчиликти]] сактоо, аялды мажбурлап никеге тургузуу үчүн уурдоо жосуну үчүн каралган жазык жоопкерчилигин адамды [[уурдоо]] үчүн каралган жазык жоопкерчилигине теңдөө. Ушул мыйзам долбоорун илгерилетүүдө [[гендердик теңчилик]] жаатындагы жарандык тармактын жигердүү катышуусу менен [[Мыйзам|мыйзамдын]] долбоору коомдук деңгээлде талкууланды.

КРнын Омбудсменинин демилгеси менен ушул көйгөйдү талкуулоо үчүн тегерек стол уюштурулду. Жолугушууда жарандык коомдук уюмдары гана эмес, [[Ички иштер министрлиги (иим)|Ички иштер министрлигини]]н жана башка мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрү да катышты. [[Кыргызстан|Кыргызстандын]] [[Омбудсмен|Омбудсмени]] 2012-жылды кыздарды ала качуу көрүнүшүнө каршы күрөшүү жылы деп жарыялады.

2012-жылдын октябрь айында - [[Жогорку Кеңеш|Жогорку Кеңеште]] КРнын ЖКнин 154-, 155-беренелериндеги жазалоо чараларын катуулатууга добуш берердин алдында - бир катар бейөкмөт уюмдардын активисттери Жогорку Кеңештин алдында акция өткөрүшүп, парламентарийлерди каралып жаткан мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө добуш бергиле деп үндөштү<ref>КРнын Жазык кодекси (2015-жылдын 28-июлундагы КРнын №200 мыйзамынын редакциясында). [Электрондук ресурс]: URL: http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/568</ref>. Мындан тышкары, KyWRAW тармагынын жана жумушчу топтун мүчөлөрү<ref>Кыргызстанда кыз ала качууга каршы акция өткөрүлдү [Электрондук ресурс]: URL: http://www.ansar.ru/rfsng/v-kyrgyzstane-projdet-akciya-protiv-krazhi-nevest (Кайрылган күнү: 20.12.15)</ref> депутаттарга факс аркылуу кайрылууларды жөнөтүштү. Кыз ала качууга каршы футбол таймаштары уюштурулду<ref> KyWRAW тармагы – Кыргыз Республикасындагы аялдардын саясий жана экономикалык укуктарын илгерилетүүгө кызыкдар болгон уюмдардын ыктыярдуу формалдуу эмес бирикмеси (www.kywraw.wsc.kg).</ref>. Велосипедчилердин ассоциациясы "Велоспорт жана мен - зомбулукка каршыбыз" деген акция өткөрүштү<ref>Токмокто кыз ала качууга каршы футбол таймашы өтмөкчү. [Электрондук ресурс]: URL: http://kabar.kg/index.php/regions/full/42106{{Жеткиликсиз шилтеме|date=August 2021 |bot=InternetArchiveBot |fix-attempted=yes }} (Кайрылган күнү: 20.12.15)</ref> . Спортчулар менен жарандык активисттер веложарыштын жүрүшүндө кыргызстандыктарды "155" улуттук кампаниясына колдоо көрсөтүүгө чакырып жатышты.

Көпчүлүк уюмдар жана жарандар: [[Улуттук олимпиада комитети]], республиканын алдыңкы [[Спортчу|спортчулары]], театралдык топтор, коргонуу тутумунун өкүлдөрү "Эркектер кыздарды ала качууга каршы" урааны менен, КРнын [[Куралдуу күчтөр|куралдуу күчтөр]] институтунун курсанттары, Ислам университетинин студенттери, Футбол федерациясы - "Кыз ала качуу - кылмыш" деген жалпы ураандын астында чыгышып, кампанияны колдоп беришти. Сыналгы жана радио көрсөтүүлөр, интернет-порталдар, республикалык жана жергиликтүү деңгээлдердеги гезит-журналдар [[Жарандык коом|жарандык коомдун]] кыздарды ала качууга каршы күрөштө ролун чыңдоо жөнүндө маалымат жайылтып жатышты.

Жаштар активисттери "155" интернет баракчасын иштеп чыгышып, ал жерде каалагандар өз добушун калтырып, кампаниянын иши менен таанышып, КРнын ЖКнын 154-, 155-беренелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча өз ой-жорумдары, сунуштары жана демилгелери менен бөлүшө алышты.
Натыйжада, 2012-жылдын 20-декабрында КРнын [[Жогорку Кеңеш|Жогорку Кеңеши]] "КРнын [[Жазык кодекси|Жазык кодексине]] өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам кабыл алышып, ал эми 2013-жылдын 25-январында [[Президент|КРнын Президенти]] [[Атамбаев Алмазбек Шаршенович|А.Атамбаев]] бул мыйзамга кол коюп, ал расмий түрдө жарыялангандан кийин күчүнө кирди.
== Эскертмелер ==
{{эскертүүлөр}}
== Колдонулган маалымат булактарынын тизмеси ==
* 1. Bride kidnapping in Kyrgyzstan [Электрондук ресурс]: URL: http://edition.cnn.com/.../vice-bride-kidnapping/
* 2. Кызга караганда мал барктуураакпы? Же Кыргызстанда кыздарды кантип ала качышат [Электрондук ресурс]: URL: http://www.polit.kg/newskg/479 {{Webarchive|url=https://web.archive.org/web/20170410084131/http://www.polit.kg/newskg/479 |date=2017-04-10 }} (Кайрылган күн: 20.12.15)
* 3. КРнын Жазык кодекси (2015-жылдын 28-июлундагы КРнын №200 мыйзамынын редакциясында). [Электрондук ресурс]: URL: http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/568
* 4. Кыргызстанда кыз ала качууга каршы акция өтөт [Электрондук ресурс]: URL: http://www.ansar.ru/rfsng/v-kyrgyzstane-projdet-akciya-protiv-krazhi-nevest (Кайрылган күнү: 20.12.15)
* 5. Токмокто кыз ала качууга каршы футбол таймашы өтмөкчү. URL: http://kabar.kg/index.php/regions/full/42106{{Жеткиликсиз шилтеме|date=August 2021 |bot=InternetArchiveBot |fix-attempted=yes }} (Кайрылган күнү: 20.12.15)
* 6. Кыргызстан: "Велоспорт жана мен - зомбулукка каршыбыз!" [Электрондук ресурс]: URL: http://rus.azattyk.mobi/a/24752992.html (Дата обращения: 20.12.15)
* 7. Бирөөнүн кайгысынын үстүнө бактыңды кура албайсың [Электрондук ресурс]: URL: http://demoscope.ru/weekly/2012/0529/gazeta039.php (кайрылган күнү 20.12.15).
* 8. Шайдуллаева Т. Аялдардын укуктары үчүн биргелешип күрөшөбүз [Электрондук ресурс]: URL: http://mnenie.akipress.org/unews/un_post:1556/ (кайрылган күнү 20.12.15).
[[Категория:Кыргызстандын гендердик энциклопедиясы]]
[[Категория:Пекин +20]]All content in the above text box is licensed under the Creative Commons Attribution-ShareAlike license Version 4 and was originally sourced from https://ky.wikipedia.org/w/index.php?oldid=379960.
![]() ![]() This site is not affiliated with or endorsed in any way by the Wikimedia Foundation or any of its affiliates. In fact, we fucking despise them.