Revision 380204 of "Ак-Түз, шаарча" on kywiki'''Актүз''' — [[Кемин району|Кемин районундагы]] шаарча, Актүз шаарча кеңешинин борбору. [[Кичи Кемин]] өрөөнүндөгү Актүз капчыгайынын төрүндө, [[деңиз]] деңгээлинен 2300 м бийиктикте жайгашкан. Шаарча ушул жердеги түстүү [[Металлдар|металл кендерин]] өздөштүрүүнүн натыйжасында 1938-жылы негизделген. Райондун борбору жана [[темир жол]] бекети Кеминден 45км, облустун борбору [[Токмок]] шаарынын 80 км, ([[Бишкек]] 140 км чыгыш тарапта. Аянты 94 км2, калкы 0,9 миң (2002). Калктын көпчүлүгү (78 %) кыргыздар. Актүз мамлекеттик акционердик коому, «[[Айнур]]» заводунун филиалы иштейт. Шаарчада [[орто мектеп]], [[бала бакча]], 2 [[китепкана]], [[оорукана]] бар.
{{no iwiki}}
== Колдонулган адабият ==
* [http://www.bizdin.kg/elib/kitepter/pdf/geogr_ensclp.pdf Кыргызстандын географиясы] {{Webarchive|url=https://web.archive.org/web/20140714154348/http://bizdin.kg/elib/kitepter/pdf/geogr_ensclp.pdf |date=2014-07-14 }}. — Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. — 728 б. —ISBN 9967-14-006-2
==Шилтемелер==
<references/>
[[Категория:Кемин району]]
[[Категория:Шаарлар]]
[[Категория: Таажы-2012]]All content in the above text box is licensed under the Creative Commons Attribution-ShareAlike license Version 4 and was originally sourced from https://ky.wikipedia.org/w/index.php?oldid=380204.
![]() ![]() This site is not affiliated with or endorsed in any way by the Wikimedia Foundation or any of its affiliates. In fact, we fucking despise them.
|