Revision 380558 of "Арпатектир, тоо" on kywiki[[file:375.jpg|thumb|Арпатектир.]]
'''Арпатектир, тоо''' – [[Талас Ала-Тоосу|Талас Ала-Тоосунун]] түндүк тармагы. Түзашуу жана Желдисуу (Үчкошой суусунун сол куймалары) сууларынын аралыгында. Узундугу 25 кмдей. Орточо бийиктиги 2800 м, эң бийик жери 3564 м, тоонун түштүк-чыгыш бийик бөлүгү кырдуу-аскалуу, түндүк-батыш жапыз бөлүгү тайпак; байыркы денудациялык түздүктөрдүн калдыктары кездешет. түштүк-чыгыш капталы Үчкошой суусунун өрөөнүнө жантайыңкы түшөт, түндүк-батыш капталы тик жана кыска.
Тоо соңку рифейдин метаморфизмделген порфирлүү гранит, гранит-диорит, кварцтуу диорит интрузия тектеринен, [[Талас өрөөнү|Талас өрөөнүнө]] жантайган жапыз бөлүгү төртүнчүлүк мезгилинин (кум, чопо жана башкалар) тектеринен турат. Шалбаалуу талаа (2500 м бийиктикке чейин), бадалдуу шалбаа (2800 мге чейин), субальп жана альп шалбаасы (2800–3400 м), андан жогору нивалдык-гляциалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт; чабынды жерлери бар.
== Колдонулган адабияттар ==
* [http://www.bizdin.kg/elib/kitepter/pdf/geogr_ensclp.pdf Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргызстандын географиясы.] {{Webarchive|url=https://web.archive.org/web/20140714154348/http://bizdin.kg/elib/kitepter/pdf/geogr_ensclp.pdf |date=2014-07-14 }} ISBN 9967-14-006-2 <br>
[[Категория:Кыргызстандын тоолору]]
[[Категория:Таажы-2012]]All content in the above text box is licensed under the Creative Commons Attribution-ShareAlike license Version 4 and was originally sourced from https://ky.wikipedia.org/w/index.php?oldid=380558.
![]() ![]() This site is not affiliated with or endorsed in any way by the Wikimedia Foundation or any of its affiliates. In fact, we fucking despise them.
|