Revision 89343 of "Юнг Карл Густав" on kywiki[[Файл:Jung 1910-crop.jpg|200 px|thumb|left|Карл Густав Юнг]] ЮНГ Карл Густав (1875–1961) – швейцариялык психолог, «аналитикалык психологияны» түзүүчү. Ю-дун оюна ылайык, инсан (личность) тиешелүү акыл-ойсуздук м-н катар «коллективдүү аң-сезимсиздиктин» алда канча терең катмарлары бар. Ал жерде болсо эң алгачкы психикалык структуралар (архетиптер) түрүндө дүйнөнү априордуу кабыл алууну ж-а аңдап түшүнүүнү камсыз кылып турган адамзаттын байыркы тажрыйбасы сакталат. Адамдын психикалык турмушунун негизги мазмуну деп, Ю. «индивидуация» процессин, же болбосо личносттун өз мүмкүнчүлүктөрүн толук ишке ашырууга умтулуусун эсептеген. «Аналитикалык психологиянын» милдети деп, Ю. пациенттерде пайда болуучу архетиптик образдардын врач тарабынан түшүндүрүлүшүн эсептеген. Анын оюнча, бардык улуу идеялар архетиптик пайдубалга негизделген. Башкы чыгармалары: «Либидонун метаморфозалары жана символдору», «Психологиялык типтер», «Кубулуунун символдору» ж. б. All content in the above text box is licensed under the Creative Commons Attribution-ShareAlike license Version 4 and was originally sourced from https://ky.wikipedia.org/w/index.php?oldid=89343.
![]() ![]() This site is not affiliated with or endorsed in any way by the Wikimedia Foundation or any of its affiliates. In fact, we fucking despise them.
|