Difference between revisions 114455 and 130137 on kywikiАрпатектир, тоо – ⏎ [[file:375.jpg|thumb|ARPA]] Арпатектир, тоо – [[Талас Ала-Тоосу|Талас Ала-Тоосунун]] түндүк тармагы. Түзашуу жана Желдисуу (Үчкошой суусунун сол куймалары) сууларынын аралыгында. Узундугу 25 кмдей. Орточо бийиктиги 2800 м, эң бийик жери 3564 м, тоонун түштүк-чыгыш бийик бөлүгү кырдуу-аскалуу, түндүк-батыш жапыз бөлүгү тайпак; байыркы денудациялык түздүктөрдүн калдыктары кездешет. түштүк-чыгыш капталы Үчкошой суусунун өрөөнүнө жантайыңкы түшөт, түндүк-батыш капталы тик жана кыска. Тоо соңку рифейдин метаморфизмделген порфирлүү гранит, гранит-диорит, кварцтуу диорит интрузия тектеринен, [[Талас өрөөнү|Талас өрөө]]нүнө жантайган жапыз бөлүгү төртүнчүлүк мезгилинин (кум, чопо жана башкалар) тектеринен турат. Шалбаалуу талаа (2500 м бийиктикке чейин), бадалдуу шалбаа (2800 мге чейин), субальп жана альп шалбаасы (2800–3400 м), андан жогору нивалдык-гляциалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт; чабынды жерлери бар. == Колдонулган адабияттар == * [http://www.bizdin.kg/elib/kitepter/pdf/geogr_ensclp.pdf Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргызстандын географиясы.] ISBN 9967-14-006-2 <br> [[Category:Кыргызстан]] [[Category:Кыргыз таануу]] [[Category:Илим]] [[Category:География]] [[Category:Дүйнө]] [[Category:Борбордук Азия]] [[Category:Тоо]] [[Category:Тумараажы-20112]] All content in the above text box is licensed under the Creative Commons Attribution-ShareAlike license Version 4 and was originally sourced from https://ky.wikipedia.org/w/index.php?diff=prev&oldid=130137.
![]() ![]() This site is not affiliated with or endorsed in any way by the Wikimedia Foundation or any of its affiliates. In fact, we fucking despise them.
|