Difference between revisions 130137 and 307238 on kywiki



[[file:375.jpg|thumb|ARPAАрпатектир.]]

'''Арпатектир, тоо''' – [[Талас Ала-Тоосу|Талас Ала-Тоосунун]] түндүк тармагы. Түзашуу жана Желдисуу (Үчкошой суусунун сол куймалары) сууларынын аралыгында. Узундугу 25  кмдей. Орточо бийиктиги 2800 м, эң бийик жери 3564 м, тоонун түштүк-чыгыш бийик бөлүгү кырдуу-аскалуу, түндүк-батыш жапыз бөлүгү тайпак; байыркы денудациялык түздүктөрдүн калдыктары кездешет. түштүк-чыгыш капталы Үчкошой суусунун өрөөнүнө жантайыңкы түшөт, түндүк-батыш капталы тик жана кыска. 

Тоо соңку рифейдин метаморфизмделген порфирлүү гранит, гранит-диорит, кварцтуу диорит интрузия тектеринен, [[Талас өрөөнү|Талас өрөө]]нүнө]] жантайган жапыз бөлүгү төртүнчүлүк мезгилинин (кум, чопо жана башкалар) тектеринен турат. Шалбаалуу талаа (2500 м бийиктикке чейин), бадалдуу шалбаа (2800 мге чейин), субальп жана альп шалбаасы (2800–3400  м), андан жогору нивалдык-гляциалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт; чабынды жерлери бар.

== Колдонулган адабияттар ==
* [http://www.bizdin.kg/elib/kitepter/pdf/geogr_ensclp.pdf Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргызстандын географиясы.]  ISBN 9967-14-006-2 <br>

[[CategoryКатегория:Кыргызстан]]
[[Category:Кыргыз таануу]]
[[Category:Илим]]
[[Category:География]]
[[Category:Дүйнө]]
[[Category:Борбордук Азия]]
[[Category:Тоо]]
[[Categoryдын тоолору‎]]
[[Категория:Таажы-2012]]